p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

9-декабрь, 1937-жылы Сүттүн майлуулугун аныктоочу аппаратты ойлоп тапкан швед ойлоп табуучусу Нильс Густав Дален каза болгон

Дүйнө
9-декабрь  1937-жылы Сүттүн майлуулугун аныктоочу аппаратты ойлоп тапкан швед ойлоп табуучусу Нильс Густав Дален каза болгон. 
Ал 1869-жылы 30-ноябрда Швециянын Стенсторн шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң айыл чарба институтунда багбанчылыкты жана сүт өндүрүүнү өздөштүргөн. Окуп жүргөндө Дален бир нече айыл чарба техникасынын үлгүлөрүн жасаган жана сүттүн майлуулугун аныктоочу аппартты ойлоп тапкан.
1892-жылы Чальмерз институтуна тапшырып, 4 жылдан кийин инженер-механик адистигине ээ болгон.
1900-жылы кесиптеши менен "Далеy жана Целсинг" деген инженердик фирманы негиздеген. Бир жылдан соң Швециялык карбиддик-ацетилендик компанияга техникалык жетекчилик кызматка отуруп, аталган компания эритилген ацетиленге (газ аккумуляторуна) патент алган. 1912-жылы ойлоп табуучу катардагы экспериментин жүргүзүп жатып жаракат алып, көздөрү көрбөй калган. Ага физика боюнча "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 
 (88 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо