p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

9-декабрь, 1962-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимканов туулган

Кыргызстан
9-декабрь  1962-жылы Көрүнүктүү коомдук ишмер, белгилүү журналист, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КТРКнын экс-башчысы Мелис Эшимканов Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын Телерадио боюнча мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.
1990-1991-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору кызматында иштеген.
1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган. Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, бул эркин гезитти 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюн жана башкы редактор катары жетектеген. 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитти ачып, 2001-2005-жылдары "Агым" гезитине башкы редакторлук кылган.
Мелис Эшимканов 2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон.
Ал эми 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин УТРКнын (азыркы Коомдук сыналгы жана үналгы корпорациясынын – КТРКнын) башкы директору болуп иштеген.
2009-жылдын 6-ноябрында Мелис Эшимканов Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргызстандын Өнүгүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматта иштеп турган.
Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда Бишкектеги жеке менчик "Камэк" ооруканасында саат 15:00дө 48 жашында жүрөгү токтоп каза болгон.
 (63 жыл мурун)
 


Комментарийлер (1)

nursyi
02.12.2013. 14:08 
0
Мелис агайдын аркы дуйносун берсин!Бул кишинин го, аркасынан жакшы эле иштерди жасап жатасыздар, "Мыкты журналист" конкурсу,андай- мындай дегендей. Бирок,дагы бир "иши аягына чыкпай",окурман журту жоопсуз калды эле, ошол ишти эстегинер келбегени,мени андан сайын ошону эле эстей берууго мажбур кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо