Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Эрлан Андашев "Сүйүп калдым кантейин?"
03:52
3,55 Мб
Жүктөлгөн: 05-01-2010
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.77/5
(30 добуш)
Ошол күнү толкунданып олтурдум,
Күндөр өттү жалгыз сени ойлоймун.
Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң,
Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң.
Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың,
Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым,
Көрүшкөндө тик карабай көзүңө,
Уялдым, көздөрүңдү алып качтың.

Кайырма:
Сүйүп калдым кантейин?
Сүйүп калдым мен кантейин?
Сүйүп калдым кантейин?
Сүйүп калдым мен кантейин?


Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим,
Сени жактырып калганымды сездим.
Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун?
Көргүм келип сени гана издеймин.
Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу?
Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу?
Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин,
Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу.

Кайырма:
Түн уйкумду сага арнап уктабай,
Жөнөкөй мүнөзүңө мен суктанып.
Сүйүп туруп каламынбы жете албай?
Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып?
Эгер сүйсөм кантип айтпайм жашырып,
Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса.
Көргүм келип жүрөм сени сагынып,
Бирге бассак кол кармашып жанаша.

Кайырма:

Комментарийлер (102)

05.01.2010. 16:00
 MaRmeLaDka
Сонун чыгыптыр.Коптон бери угуп жактырып журдум эле ушул ырды. Тим эле чын журоктон ырдаптыр.Уну Мирбекке да окшошуп кетет экен.Азамат,Эрлан!!!
05.01.2010. 19:52
 akiykat
Ah jakshi ir eken!!! maga jakti? a klip kachan bolot eken? Sozdorunun maanisi maga jakti, sebebi jakshi jonokoy sozdor menen suyuusun bildiriptir....
06.01.2010. 10:35
 zxc
Уну Атабековдукуна окшош экен... Кандай дейсинер?
06.01.2010. 12:33
 Erkem
чын Мирбектин унуно кыйын окшош экен тан калыштуу...
06.01.2010. 14:23
 zxc
Эрлан ийгилик сага! Озу жакшы адам, коптон бери тааныйм бул жигитти.
07.01.2010. 01:29
 azamatdatka
Эрлан ырды эн жогорку денгээлде ырдаптыр. Азаматсын!! Абдан сыздап, берилип ырдаптыр.
07.01.2010. 01:30
 azamatdatka
Ырдай журчу чыгармалардан экен. Тексти болсо сонун болмок!
07.01.2010. 01:45
 malakay
Ir maga da jakti. Vostochniy stilde jakshi jaziliptir. Kechke Tumardan berip jatat go..
07.01.2010. 01:47
 malakay
Unu tembri Mirbektiki menen birdey eken. Jakshi iygilikter. Bolgonu bul irga jakshi klip tartish kerek.
07.01.2010. 01:58
 aladinali
Мага Эрландынг бул ыры ото жакты. Сагаг ийгиликтер. Эми жакшы клип тартыш керек бул ырга. Негизи эле Эрландын ырлары жакшы.
07.01.2010. 02:02
 kgnarod
"Обону адашпасам "Моя Азиатка" Атабековдуку эмеспи ыя"
ха ха ха акыркы жолу ал ырды качан уктун эле.
Экоону эч окшошпой эле турат.
07.01.2010. 02:03
 kgnarod
Чыныгы жашоонун мыкты ыры. Азаматсын Эрлан!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо