Айжамал Кабылова "Жыпарым"
Жанр:Поп
00:03:35
46,04 Мб
Жүктөлгөн: 26-11-2013


Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:А.Мамадалиевдики

Сүйүүдөн тапкан белегим,
Сүйөнөр тоом, жөлөгүм.
Нур болуп кирдиң сен үйүмө,
Көксөгөн үмүт-тилегим.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Шылдырап аккан булагым,
Жаныма эрмек ынагым.
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп,
Сагынып гана турамын.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Каткырсаң балкып кетемин,
Асманга учуп жетемин.
Булуттай болгон жүрөгүм,
Садагаң болуп кетейин.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
  • Currently 4.62/5
(37 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (69)

26.11.2013. 17:20
 jypara1415
Ооо Жыпара супсулуу болуп чоноюп калган турбайбы,4 жыл болду коро элегиме сагындыыым Жикусям...Уй-булолук бактынар дагы да жана берсин !!! Жыпаранын ини,синдилери кобойсун.
26.11.2013. 17:24
 aguni
Суйуудон тапкан белектериниз менен бактылуу болунуз!
26.11.2013. 17:27
 lomonkg
ei slovno 18.sliwkom molodo vyglyadet

26.11.2013. 17:35
 anara85
Сонун ыр мазмунуда жакшы,болуптур клипке соз жок+10.
Бактылуу болунуздар,чыгармачылык ийгилик каалайм.
26.11.2013. 17:42
 bosmos7
Билбейм бир аз! ................Иштеш керек эле!
26.11.2013 18:23
lomonkg
bosmos7, kandai iwtew kerek ele?
26.11.2013 18:57
bosmos7
lomonkg, Сапатуу болуш учун да! Жасалма болуп калыптыр чыны! Мурунку "Бир Озун бол"деген ырга тасмасын канча корсом да тажабай уга турган.Рахмат.
26.11.2013. 18:36
 liliya-gul
Жакшы тартылыптыр,уну супер ! Айжамал эже сылык мунозунуз,жонокойлугунуз менен жагымдуусуз.
26.11.2013. 18:43
 NazNazik
Укмуш!!! Уй-булолук бакыт каалайм! Анан дагы...жолдошу красавчик экен B-)
26.11.2013. 18:46
 Jamalym
Ыры,ырынын созу аябай жагат да.Бактылуу болунуз!
26.11.2013. 18:50
 VIK
Бул ырды кызы төрөлгөндө ырдап чыкты беле?
26.11.2013. 19:28
 M89
Супер ыр, супер клип. Балдарыныз менен бактылуу болунуздар!
26.11.2013. 19:29
 Debi
Керемет! Сонун ырга сонун клип болуптур, ушундай бактылуулардын саны көбөйө берсин, бакытыңар арта берсин!
26.11.2013. 19:50
 kadyrova007
сооонун!укмуш!
26.11.2013. 20:13
 aizatka87d
жаман эмес,жакшы!
26.11.2013. 20:50
 anara-anara
Сонун соз жок. Уй булолук бакыт каалайм. Бактылуу уй було коз тийбесин. Айжамал да куйоосу да сонун.
26.11.2013. 22:23
 elvira1980
Айжамал жандуу ун менен ырдаганын уккам,мындай ырдай албайт унун жасатып коёт экен,жандуу ырдап берсен жакшы болот.
27.11.2013 21:00
liliya-gul
elvira1980,жандуу ырдаганда бардык эле ырчылардын уну башкача чыгат го менимче.
30.11.2013 00:42
lomonkg
elvira1980, jany interv`yusun kordum,janduu sonun yrdap beriptir.sozunuz jalgany tastyktalyp kalgan jokpu?Kabylovaga bawka syn aitywybyz mumkun,birok yrdagany jonundo ters pikir bildirsek otole uyatko deim ozubuzgo,sebebi bul yrchyday yrdagan adam jok pochti.oto kattuu yrdayt,pri etom kairyktaryn jakwy keliwtirip.
01.12.2013 14:12
liliya-gul
lomonkg,Сиздин созунузго кошулам 100%.
26.11.2013. 22:32
 maliw
Sonun klip boluptur kizi ozuno okwow eken
26.11.2013. 22:51
 NURZIA
Эн сонун ыр эн сонун клип жана эн сонун уй було. Бакыт каалайм Айжамал эжеге
27.11.2013. 01:37
 Jani1987
Соонун клип болуптур, бактылуу уйбулоо экен коз тийбесин.
27.11.2013. 02:33
 Aikokul85
Соонун клип болуптур бактылуу болгула.
27.11.2013. 04:49
 Edik_nura
super prosto slov net
27.11.2013 10:21
Heavy
Edik_nura, :)
27.11.2013. 07:20
 upol92
Эн соонун болуптур, Уну аябай соонун . Бактылуу болунуздар
27.11.2013. 08:06
 gul-bibi9109
Дайыма жыпарым жытуу шириним,алтыным азаматым деп журобериниз. Сиздикиндей ширин балапандарды жараткан бизге да,насип этсин)))))
27.11.2013. 12:51
 Айдай
азамааат, дагы башка жаны ырлады кутобуз
27.11.2013. 12:52
 taalaybek76
эн соонун клип болуптур
27.11.2013. 12:53
 sneg88
бактылуу болгула! сонун клип сонун адамдардын катышуусунда. Атасынын кызы жана атасынын уулу турбайбы опокшош.
27.11.2013. 13:08
 aziza.jusupova
Sonun klip jana yr boluptur.Sizderge uybuloluk bakyt.
27.11.2013. 16:13
 Alicia
Kyzy ozuno ayabai okshosh eken
27.11.2013. 16:50
 Gul.08
Аябай Сонун ))))
27.11.2013. 18:31
 gooool
Эмненис жактыр билбейм,Айжамалды аябай жактырам...Айжамал мени корсо деле жактырса керек мен деле красавчикмин....))))...(тамаша)...чын эле сулуубу же жылдыздуубу же ото жакшы ырдайбы билбейм,негизгиси мага жагат ушул кыз,онорун оркундой берсин!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: