Топчубай Айтмаматов "Апакемди эскерем"
Жанр:Эстрада
00:05:58
74,39 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2013


Сөзү:Т.Айтмаматовдуку
Обону:Т.Айтмаматовдуку

Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.

Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.

Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?

Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.

Кайырма:
  • Currently 4.84/5
(25 добуш)

Комментарийлер (82)

10.12.2013. 18:13
 zeet
Жаш кезде уккан ыр го эх апакелер ар дайым бар болсун! жакшы клип болуптур.
10.12.2013 18:33
Jamalym
zeet, 90-жылдардын аягында хит болгону эсимде.Эми мынтип уй-булолуу да болуптур.Бакыт каалайм!
10.12.2013. 18:35
 Gulirka
=(
10.12.2013. 18:50
 asal
Апакем апакем кадырлуусун дайым сен
10.12.2013. 19:29
 Altuna
ичимдегинин баары дуркуроп,ыйлагым келип кеттигооо. кандай кана соонун ыр.
10.12.2013. 20:18
 teleport
супер
10.12.2013. 20:53
 Letty
балалыгым эске тушту...кышында суукка карабай 2 сом алып Топчубай Айтмаматовдун концертине барганым.Ушул ырды ырдап ыйлаганы эсимде....
10.12.2013. 21:11
 rnurzida
Биз балалыктагы хит ыр. Аябай армандуу журокту зыркыраткан кайрыктар го,эх! Апалар ар дайым бар болсун!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: