Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Сатыбеков "Санат ыры"
04:32
8,31 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.05/5
(21 добуш)
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.

Комментарийлер (79)

27.01.2014. 17:05
 badirovk
Бар бол Гулжигит!!!
27.01.2014. 17:51
 orxidea
талантыныз оркундой берсин ар бир чыгарманыз оз озунчо чоон мааниси менен.азаматсыз
27.01.2014. 17:57
 Barpy11
мазмуну ото терен.азаматсыз
27.01.2014. 18:34
 bekishova
Азаматсын унуно ун демине дем кошулсун дагы дагы жакшы ырлардан кутобуз!
27.01.2014. 19:32
 jake.1991.kg
Игилик игилик байке алгаа
27.01.2014. 19:42
 jigitaly
Мен кутткон ыр го
27.01.2014. 20:05
 BEKTUR AZHO
эн жакшы...
27.01.2014. 20:39
 Marlen.
Ийгилик......
27.01.2014. 21:15
 Guli.kg.90
Соз жок! Сонун ыр! Ушул ыр менен ооруп жургом.
28.01.2014 12:50
Alai_kyzy
Guli.kg.90, созунузго кошулам! Мен аябай кутком ушул ырды!
27.01.2014. 21:50
 dikeii
мына сага ыр деп ушуну айт..
27.01.2014. 22:52
 men_aman
Туболукко жарыны алып-качып албай суйуп ал дегени жакты
27.01.2014. 23:18
 don.kg
Во мен күткөн ыр жүрөктөн ырдап койгон молодей ИЙГИЛИК брат!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо