Асель Кадырбекова, Нурлан Насип "Жакшы көрөм түбөлүк"
03:45
8,55 Мб
Жүктөлгөн: 13-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.

Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.

Кайырма:
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.

Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?

Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?

Кайырма:

Комментарийлер (71)

13.03.2014. 12:23
 jamawok
Вааауууууууу жакында той значит! Сонун парасыздар экоонорду коруп суктанам. Мен да жакшы кором силерди туболук. Созун жазып койгулачы супер
13.03.2014. 12:59
 leha
А что экоо суйлошобу кыз-жигит болуп
13.03.2014. 13:20
 Айпери Сыдыкова
:)
13.03.2014. 13:30
 Kuba_87
Ыр жакшы болуптур.Нурлан иним талантына баракелде.
13.03.2014. 13:31
 kilim
экооонор дует ырдасанар аябай жарашат экен.дагы башка ырларды дует ырдасанар сонун чыгат экен.ыр суппеп соз жок
13.03.2014. 14:03
 alai.gulcha94
Любовь болуп кетиптирго туй ата
13.03.2014. 14:12
 maryam
Абдан жакты. Ийгилик!
13.03.2014. 14:16
 aizadaxan
Ошондо ачыка чыгыштыбы? Ырга соз жок Самая красивая пара шоубизнеса! Коз тийбесин Хит болотго
13.03.2014. 14:51
 Ak_TiLeK
Соонун ыр экен!
ырдап койсо эле суйуу болуп калат беле.
Ийгилик силерге.
Жаны-жер Достук!
13.03.2014. 15:17
 NBAA
katardagy ele yr eken bul))) an4alyk dele ukmuw emes???
13.03.2014. 15:19
 almanchik
текстин жазып койгулачы Супер инфо
13.03.2014 15:45
admin_media
almanchik, jamawok,
Саламатсыздарбы! Жазып койдук :).
13.03.2014. 15:23
 283755
коз тийбесин тфу-тфу.
13.03.2014. 15:29
 AJow
ии жакшы жакшыыы
13.03.2014. 16:05
 nurkamal
Ыр сонун болуптур)))Сиздерге ийгилик!!!
13.03.2014. 16:06
 NADUW
тунук махабатка жетпей калыптыр!
13.03.2014. 17:43
 dikeii
охо молодцы мага жакты 5. аселдин назик уну абдан сонун да. нурлан обонду катырасында красавчик.
13.03.2014. 17:53
 tachkomur
азаматсынар соонун ыр жана соонун ырчылар жарашып калыптыр!!!кыз жигит болсонор жакшы болмок даааа
13.03.2014. 18:07
 Tattygul
сонун ыр болуптур. бул ырды угуп суйгум жана суйуктуу болгум келип кетти)))
13.03.2014. 18:12
 periwtem
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк,суйуунор туболукту болсун.Сонун ыр экен,жакшы клип кутобуз.Ийгилик
13.03.2014. 18:23
 saru
Жакшы дуэт болуптур,эн сонун чыгарма.Нурлан сенин азыр болуп турган кезин,ошондуктан ушунундан жазба
13.03.2014. 19:11
 Tequila_aiya85
Жалко ырга :( экоосу 14-февралда эки айрым жолго тушушкон соц сеттерде журот.
13.03.2014 19:39
asel4ik
Tequila_aiya85, Аиии сиз агентсизго)))
13.03.2014 21:14
Gulirka
Tequila_aiya85,
пиар=)
13.03.2014. 19:31
 Nur99
жакшы болуптур
13.03.2014. 20:29
 don.kg
Жакшы, клипи качан...?
13.03.2014. 22:10
 alisa.ilias
Эх токтогулдан жакшы чыкпайкалган ырчы болбойт ко деп мактанып кетейин.ийгилик алгалай бер Нурлан Токтогул атанын арбагы колдосун талантына талнт кошулсун ийгилик!
13.03.2014. 22:42
 Mariyana
Жакшы дует болуптур!
13.03.2014. 22:44
 sara90
эн сооооонун дует))
13.03.2014. 23:01
 ulanbekzaripa
Kyz jigit okwoit ee
14.03.2014. 01:05
 gul-bibi9109
Вау мага экоо тен жагат! Классно просто.
14.03.2014. 09:20
 tumar88
Ыр сонун экен, Суйуу Суйуу да . Моллодцыыы
14.03.2014. 10:19
 Daiyr.95.04.11
ууууууаааааааааааааауууууууууууууууууууу супер браво
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо