Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"
Жанр:Поп
00:03:48
48,02 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2014


Сөзү:Сатканбай Момуналиев
Обону:Түмөнбай Колдошов

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
  • Currently 4.91/5
(67 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (116)

14.04.2014. 19:42
 kg.alabuka
Ыр соонун чыккан обону менин жердешимдикиго
15.04.2014 13:05
bishkek.kg
ыр дагы ,клип дагы соонун болуптур!!
14.04.2014. 19:44
 sergo
клип соонун экен манилуу ырда жакты.чоон рахмат
14.04.2014. 19:50
 fea1990
соонун
14.04.2014. 20:02
 peri...97
Соз жок суууупер
14.04.2014. 20:49
 altynai98
эн сонун соз жок!! Эрнист Сыдыков тарткан клиптер сонун чыгат да!
14.04.2014. 21:22
 erkekyz22
+55555 Эн сонун клипта ырдын мазмунуна жараша тартылыптыр. Азаматсыз Эрнист аке ишинизге ийгилик!
14.04.2014. 21:48
 MamanoV
abdan sonun boluptur soz jok!!!
14.04.2014. 21:49
 Rus-lan
коп кыздардын тагдырын акча машина чечип коет да азыркы маалда.
14.04.2014. 21:56
 liliya-gul
Клип коргондой болдум . Маанилуу тартылыптыр , ырдын созу , обону да жакшы экен . Эрнест байке чыгармачылык ийгилик , азаматсыз !
14.04.2014. 22:23
 kuzia
Сонун тартылыптырго клип .
14.04.2014. 22:55
 Made_in_Mama
Клип аябай сонун болуптур. Мага аябай жакты. Азыркы кээ бир женил ойлуу кыздар жонундо! Баракелде! Эрнест аке, коп кырдуу талантыныз менен элдин суймончулугуно ээ болуп журо бериниз!!!
14.04.2014. 23:00
 jigitaly
Jakshy
15.04.2014. 01:20
 Samat.A.A
Ушуну ыр, клип десе болот, брат сага беш эмес он беш деген бааа берем.
15.04.2014. 01:20
 aman94el
супер эн эн эн жакшы
15.04.2014. 01:36
 uylaak
Супер!!! Маанилуу ырды, клипта!!!
15.04.2014. 01:39
 kuba12
азыркы жашоонон алынган клип болуптур жарайсын 5+
15.04.2014. 01:41
 upol92
Эрнист акенин талантты аябай кучтуу экен. Ушул ырды живой голос менен ырдаганда журокко жетип ыр уккандай болдум.
Клип дагы эн сооонун азыркы жашоону чагылдырган. Сизге ийгилик♡♡♡♥♥♥♡♡♡
15.04.2014. 01:52
 kyrgyz88m
Талантын болсо ташка чап онорун болсо орго чап мазмуну терен клип болуптур 5+
15.04.2014. 09:05
 jasi
Ырдын маани манызы соонун. Клип да маанилуу экен. Аман агай популярдуу болуп баратат го клиптерде, акыркы кундору )
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: