Бек Борбиев "Гүлчөтай"
Жанр:Эстрада
00:04:29
43,33 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун ызгаарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.

Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.

Кайырма:

Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
  • Currently 2.80/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (81)

16.06.2014. 17:05
 fea1990
Соонунго
16.06.2014. 18:25
 Aisanat
Алайда бироо менен жашап жатып Гулчолук бироону жактырганы емнеси.Ай еркектер еркектер.
19.06.2014 00:23
Dair
Aisanat, эмне алайда аялы барбы эркектерге ишенич жок байкуш аялы
19.06.2014 16:47
Aisanat
ЧDair, куч куйоо деген созду тушуносунбу. Кыздын торкунундо жашаса куч куйоо болот. Ырда Куч куйоо болуп турсам да деп жатпайбы.
04.12.2014 14:20
bulanbekova
Aisanat,Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.
деп туратго
.конул коюп окусанар.калпеле созду кобойтпой..
16.06.2014. 18:39
 beka.ankara
gulchonu kowup koıboptur

16.06.2014. 19:38
 Lexus-2014
Bek bayke derskiy klipp bolyptyr azamatsyz batan ele ywynday klipp 4ygarsanyz , anan janynyzdagy kaskadior balagada iygilik .
16.06.2014 21:16
sara90
Lexus-2014, al kaskader mn bratanym bolot..ya rada za nego)))..
16.06.2014. 20:15
 islam9
Бул жер Гулчо эмес эле Бекжар менен Талдыктын ортосу го!
16.06.2014. 21:27
 mediko
Супер!!! Чыгармачылыгынызга ийгилик Бек байке!!!
17.06.2014. 00:46
 papanstan
Баш булактын кыздары кол булгап калган жокбуз деп эле
17.06.2014. 01:07
 meridian
Бек байке гулчолук кызга ырдайм деп,баш булактын кыздарын таарынтып албасаныз болду эми.
24.06.2014 03:02
papanstan
meridian, мен таарындым абдан
17.06.2014. 01:12
 asylka
жакшы таза тунук созу да обону да жакшы экен
17.06.2014. 03:57
 Mechtatelnisa
Лангар, Бекжар,Талдыкты да кошуп койбоптурда Мады Башбулак деп атса буларды да айтып отот экен десем Башбулакта жол менен келатып эле,бул 3 айылдын устунон учуп Жылуусууга отуп кетпедиби деп койсо
17.06.2014. 07:51
 Nursultan.m.n
Алайда негизи сулуу кыздар коп да))
17.06.2014. 10:12
 Nurzatka94
оо Алайгоо
17.06.2014. 11:06
 Elika
Кыздын машинасы бар экенин коруп сразу артынан чуркадыго е
17.06.2014 13:20
jamalka-2
Elika, ошода, жоолук саклынып жургондо жактырышпай машина айдап кетсе артынан чуркаштыго. Но ал кызга жоолук сонун жарашыптыр чем чачын жайган.
17.06.2014. 11:47
 Karakoz90
Эн жакшы ыры да клип да
17.06.2014. 12:16
 aryshka
кандай сулууу кыз.
17.06.2014. 12:42
 jetta-907
бек байке лексус 570 машинасын элге коргозуп койойун деп клипке тарткан окшойт
17.06.2014. 16:48
 luna.kg
класс
17.06.2014. 17:44
 ayka.1991kg
Бек байке кызык токтогулдук кыздарына ыр чыгарбай алай алай деп ыр жыгарып токтогулдук кыздар тарынышты сизге
07.07.2014 08:49
jumatone
ayka.1991kg, Токтогулдук кыздарга не деген гана ырларды арнады мисалы сары уйду бададан тосуп коюп Токтогулдук эле кыздарга барчы да туурабы
17.06.2014. 18:34
 Jonaruk
ыры жакшы экен клипке тушунгон жокмун толук тушундурбоптурго жэ суйуп калган кызына жетпей калганыбы
17.06.2014. 21:56
 NADUW
башкы ролго баш каарман таапса болмок! улгайып калса деле озу аткара бербей .
19.06.2014 11:39
furkat80
NADUW,жанындагы суротчуго кыз издеп журот озуно эмес тушунсонор
17.06.2014. 22:27
 Araika
супер!!!! Ийгилик!!!!
18.06.2014. 02:32
 erkele
БЕК мырза каарыганда да кыз издегенин койбоду да!
18.06.2014. 11:16
 LIVER
Супер! Аябай жакты!
18.06.2014. 11:31
 ayaza
Мурда обону да,создору да сонун болгон ырларды чыгарчу эле,мунусу женил ыр болуп калыптыр.
18.06.2014. 14:08
 АйАй
Бул Каратайдан откондон кийин 49км "Долоно"эс алуу жайы былтыры биз саамал ичип 10кун журуп келгенбиз. Соонун жер
04.12.2014 14:21
bulanbekova
АйАй, Бул Алайдын Чыйрчык деген жайлоосу.
18.06.2014. 17:47
 alai.gulcha94
Гулчотай деп ырдаптыр бирок бул жер Гулчо эмес да Актоор мн Чыйырчыкты эле тартып салыптыр Гулчону да тартыш керек эле
18.06.2014. 19:26
 Sizge.kat
Кийинки ырлары женил маанисиз болуп баратат андан коро илгерки ырларына клип тартса соонун болмок
19.06.2014. 00:23
 Almaz81
класс!!!!!!!
19.06.2014. 01:00
 nexia277
кыз жакты туура тандаптыр
19.06.2014. 01:01
 nexia277
Бек байкебиз озу кыздарга жакын клипин баары кыздар журок жаш ай ай ай
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: