Бек Борбиев "Гүлчөтай"
Жанр:Эстрада
00:04:29
43,33 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун ызгаарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.

Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.

Кайырма:

Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
  • Currently 2.80/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (81)

16.06.2014. 12:23
 ulik.2014
Класс. Кыз абдан сулуу экен)
16.06.2014. 12:24
 Syr_boidon_kalsyn
Жакшы болуптур. Бирок кыздарды кандай максатта издеп журушконун тушунбой калдым.
16.06.2014. 14:13
 hihikayu
Iyyy maga yry ozgocho jagat ele,klibi dele jaman emes eken!Iygilik kaalaym.
16.06.2014. 14:30
 uylaak
Сонун соз жок, кошо бийлеп да алдым жакты абдан.Буюрса кузундо оз элибизге барсак тойлордо Гулчотайга алат экенбизда)))
16.06.2014. 15:09
 AriAdi
Бек Жапалактан Алайга барыптырда.
16.06.2014. 15:22
 peri...97
Сооонунго
16.06.2014. 15:31
 suyom_seni
Соз жок БЕК байке!!)суппппппппппер!!)
16.06.2014. 16:42
 Danmaz
Men da tushunboy kaldim kizdardi emnege tandap jurushkonun. Gulchotay jasap jatkan kiz suluu ele eken , emnesin jaktirishpay kaldi? Akirinda ak mashinaga oturup ketken kiz kaysi kiz? A tak ir soonun!
17.06.2014 10:34
Alai.kyzy
Danmaz, ошол жоолукчан кыз да машинадагы.Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2014 13:53
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: