Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЫЗ - БУРАК тобу "Сизге"
Жанр:Поп
00:03:47
47,03 Мб
Жүктөлгөн: 21-07-2014


Сизге сыйым, сизге урматым,
Үмүтүм да сизде, кымбатым.
Жан адамга айтпас сырымды,
Сизге ыраа көрүп ырдадым.

Кайырма:
Сизге арнадым ушул түнүмдү,
Түнүм эмес, күндүз күнүмдү.
Тагдырымдын буйругу экен,
Сизге багыштадым сүйүүмдү.

Табыштадым сизге баарысын,
Сиз таптыңыз жүрөк дарысын.
Сизге буйруп менин бактымды,
Сөздөрүмдүн кызыр дарысын.

Кайырма:

Ачуу белең, жашоо чындыгы?
Сабырымды сезим кыйдыбы?
Экиленбей эркимди бердим,
Ашыктыгым мажбур кылдыбы?

Кайырма:
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

21.07.2014. 20:08
 ulukbek
айрыкча сары кофтачан кыз сексуальная экен кылыктангандары жакты
21.07.2014. 20:12
 Akun9
сонун ыр
21.07.2014. 20:13
 aibek90
ыры соонун супер килп жакшы окшобой калыптыр
21.07.2014. 20:18
 meerim8793
Мага жакты
21.07.2014. 20:22
 dastan_nookat
Жакты Мага Дагы!!!!
21.07.2014. 20:25
 Ilays
жакшы,ийгиликтер болсун дагы да
21.07.2014. 20:38
 Leo.
Saikal Azamatsyn!!! Saikaldyn kamera aldynda ozun alyp juruusu jagat.
Bawkalar makiyaj bir az kop eken)))
klip sonuuun)))
21.07.2014. 20:49
 ermekbaevna
мынча жакшы клип болгон. Молодцы кыз бурак!!!!!!!!!!!! буларды коруп мен да жигит жандап ушинтип эркелегим келип кетти, особенно фотограф жигит мн кыздын мамилеси жакты...
21.07.2014. 21:10
 aitowa11
Мага клип жакты. Кыздар да аябай жакшы аткарыптыр. Ийгилик Кызбурака.
21.07.2014. 21:34
 joodar.kg
эн сонун клип азаматсынар.чыгармачылык ийгилик силерге!
21.07.2014. 21:54
 Alesya95
Азаматсынар кыздар,супер клип!:)
21.07.2014. 22:38
 djkaro
Соонун...
22.07.2014. 00:23
 eltilek
Меладзенин Виаграсы чанында калыптыр,азаматсынар кыздар так держать...
22.07.2014. 00:43
 akisha777
клип орто сайкал умница дагы дагы жаны идеяларды жарата бергиле ийгилик силерге))
22.07.2014. 01:18
 azia9393
Кара чачтуу кыз сулуу экен.
22.07.2014. 01:22
 Nargiza.kb.90
бироосу кайда?не ага актер жигит жетпей калдыбы.клип жакты
22.07.2014. 01:40
 mr.Ada
Не деген ыр ия, ырчылар тунун арнаганын ырына аралаштыра башташканбы? бир жолу эле андан ары жагын ырдап чыгышсын эми, ыр деп эле ырдай беришеби!
22.07.2014 13:36
sara90
mr.Ada, ал создор ырдын озундо бар.. оздору кошкон жок да..Айчурок Иманалиева ырдачу бул ырды...
22.07.2014. 01:43
 Mariyana
Сайкал азаматсын, соонун клип.
22.07.2014. 02:07
 dina
Кыз-Бурактын кыздары оңолуптур. АКГ кеткени бир клиби көңүлүмө толо элек эле. Ушул темп менен кете бергиле, ийгилик. Клип+
22.07.2014. 02:36
 bossmos7
Жакшы болуптур! Алга!
22.07.2014. 03:17
 Gul.08
Оо суппер)))молодцы))))))
22.07.2014. 03:19
 Maisara
Соонун болуптур
22.07.2014. 03:38
 Manasemetei
Ai4urok Imanalieva yrda4uu murun.birok klipta yrda sonun
22.07.2014. 05:16
 asel.kg1995
ушуну клип десе болот.. АЛГА КЫЗ-БУРАК!!
22.07.2014. 07:44
 ayakosya
Сайкалды коргон сайын делебем козголо берет))
22.07.2014. 08:01
 depu
Тек кана Кыз бурактын кыздарынын комменттерин окугандай болуп кетим,Оздору жазгандай сезилди. Жакшы жылыш бар,макияж бир камаз эле ташталгандайго
22.07.2014. 08:39
 burulu
сулуу кыздар muuaa
22.07.2014. 09:12
 jasi
Жакшы клип болуптур! Алга!
22.07.2014. 09:25
 Нуркыз Курманбек кызы
Сооооонун клип болуптур Сакуня молодец
22.07.2014. 09:47
 Guli.K.E.
Орто. Сайкал эле кичине камера алдында иштегенди билет экен, кантсе да эжекелеринен таасир алган да. А калган кыздарга дагы дагы коооооп иштеш керек. Дагы бир кыз жокко...?
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: