Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Дайыр Исмадияров "Кара көзүм"
Жанр:Поп
00:03:20
50,14 Мб
Жүктөлгөн: 06-04-2010


Сөзү:Нурлан Насиптики
Обону:Нурлан Насиптики

Татына болуп көздөрүмө көрүнөсүң,
Апакай болуп бир өзүнчө чүрөктөйсүң.
Суктанып мен ой көлүнө чөмүлөмүн,
Асылым, ай жүзүңө.
Жылдызындай жымыңдайсың көз алдымда,
Тартасың сен махабаттын булагына.
Арбалып мен бир өзүңдүн кучагыңа,
Байландым тузагыңа.

Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.

Мөлтүрөгөн көздөрүңө суктанамын,
Ак куудай сенин ажарыңа багынамын.
Көздөрүңө тик карабай тайсалдаймын,
Кара көз, бир өзүңө.
Ырдасам мен ырларымды сага арнаймын,
Жүрөгүмдө жалын болуп сен жашайсың.
Карагаттай көздөрүңө арбалып мен,
Асылым, ай жүзүңө.

Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.
  • Currently 4.64/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (100)

07.04.2010. 16:16
 Dama
Пусть поет, а если кому-то 4то-то не нравится,никто вас не заставляет слушать или смотреть...
08.04.2010. 10:36
 ЖАМЭЛЬ
ДАМА КАК ТЕБЯ ТАМ.А НАТО И МЫ КРИТЕКУЕМ ВПРЕДЬ БУДЕТ ДУМАТЬ СТОИТ ЛИ ИЛИ НЕТ.ТАК ЧТО СИЛЬНО УЖ НЕ ГОРЕВАЙ ДАМОЧКА!!!А КЛИП ТАК СЕБЕ МОЖНО НАЧАЛО ПОСМОТРЕЬ ТАМ ГДЕ СУППЕР ИНФО ЭН СОНУН ДЕП БАШТАЛГАН ЖЕРИН.
08.04.2010. 11:28
 lira
Jamel.Menin baikashymcha sen kyrgyzcha m-n oruschany aralashtyryp syndaganga gana jakshy ekensin!
Maga dele bul yrchy jaga berbeit.Birok aitaarym,talikpay emgektene bersin.Uzurun gorot!!!
08.04.2010. 13:05
 LIVER
короче, самое худщее песня я когда либо слышал
08.04.2010. 22:02
 Happiness
Molodets.Iygilik kaalaym.
09.04.2010. 01:08
 ЖАМЭЛЬ
lira:Менин сага айтаарым жалан гана кыргызча же орусча жазсан охоооо орусча жакшы же кыргызча жакшы билет экен деп озунд критикалап жатышпайбы бул эмне деген шермендечиликыя?Ал эми дайыр мындай ыр,клип толтура КЫРГЫЗСТАНДА ОШОНДОЙБУ?Лира кордунбу таза кыргыз тилинде оюмду билдирдим.А дайыр убакыт текке кеткен.
10.04.2010. 10:03
 Wonderfullgirl
Жакшы эле ыр клип да норма
12.04.2010. 22:47
 gulzina
клибин кичине окшошуптур ырга
14.04.2010. 13:47
 andormeda
Дайырдын билишимче артыкчылык диплому жана чакан бизнеси бар ушул кыска омурундо баарына жетишем деп тырыша берип тыртык кылып салган го...Дайыр сураныч ырдабай эле койчу...сенин унунду уксам эле мык менен айнектин бетин чийгендей боло берем...антипсага окшоп шыбыраганды мен деле билем...кызыл дипломуна анан бизнесине каниет кылчы...унундун жок экенине ишенбесен кыргыз тудей сайтындагы "Арча бешик" деген ырды ырдаганынды угуп корчу...экинчи ырдагыс болосун
14.04.2010. 13:50
 andormeda
Ал эми клиби жакшыэле балким Дайырдан башка бироо ырдаса жакмак беле билбейм.......
15.04.2010. 15:45
 sapsary
Мага Дайыр жагат. Єзї жылдыздуу адамды тартып турган жигит. Бул ыры єзїнє куп жарашыптыр. Ал эми клиби кичине тушунуксуз.
16.04.2010. 13:29
 naka
Алга Алга Алга!
16.04.2010. 17:12
 aibektemurov
Дайыр 22апрелде Баткенде чон шоу концерт бергени жатат. Баарынарды чакырып кетем. :)))
17.04.2010. 22:00
 Камбаров Б К
Молодец братчо мачо хачо! ырын супер:) мага жакты.
18.04.2010. 10:30
 Colt45
en jaksh yr boluptur,klip dagy arginal
18.04.2010. 11:32
 Colt45
sake.daiyrdyn ushul yry jakshy eken
18.04.2010. 14:09
 BOLOTBEK ЧМИ
Клипке аракеттенген БИРОК уну менен БААРДЫГЫН БУЗУПкойгон баягы эле темалар!
20.04.2010. 09:50
 Назик кыз
Дайыр, созсуз бир чымынын бар, бирок ырдабай эле койчу, бул бир карындашындын созу ;)
21.04.2010. 13:14
 madihon
Суппппер клип тартыптырсын Дайыр АЗАМАТСЫН!!!Ыр клипке топ келиптир. Ар бир ырдаган ырын,тарттырган клибин ХИТ боло берсин.
22.04.2010. 11:08
 dobrajelatel
Эптеп эле ырдамай. начар
22.04.2010. 18:04
 Асельчик
fuu besit on menya :( sorry
23.04.2010. 11:35
 KTB
Музукалык сабак алсан анан ырдасан унуду келтирип жакшы болмок клип дагы ордон ылдый болуптур жакшылап аракет кылсан болот акырындык менен алгаа!!!
23.04.2010. 15:58
 Дикуся
Дайыр музыканы коюп алып эле кынкылдап суйлой бересин,ун деген такыр жок,клиптерин деле начар.Саны бар,сапаты жок ырчылардын бири болбой,агай болуп зымпыйып,билим жагын терендетсен болмок.Ар ким колунан келген ишти кылса жакшы го?
24.04.2010. 11:30
 лоло пепе
Типа Арсенди турайын дегенсин го!? Клип получился ниче! Но у тебя голоса нет!!! Тебе это никто не говорил?!
26.04.2010. 17:14
 janulia
Daiyr kak adam katary maga jakpait!!!Oturup alyp kyzdardy syndaganychy ozunu en akylduumun dep oiloyt!Duyno senin koludab bolso dagy kichi peyil bol.Dosun Saykal!!!!1
26.04.2010. 17:19
 janulia
Baryn ele kara koz dep yrdap kalgansynarby?Basgka tema jokpu?
27.04.2010. 09:18
 Mile
Дайыр анча мынча эптеп септеп ырдап жургон жаш ырчылардан олсо олугу артык. Байкушту анча жаман коросунор. Ырдай берсин. Ушул ырын мен дагы суйуп угам.
27.04.2010. 11:32
 azeko
ун дегенден дайын жок го. Уну жок ырчылар ырдабай эле койсо. Жон эле озун да кыйнап.
27.04.2010. 23:45
 raim
жакшы ыр экен жакшы ырдаптыр
клип жалгыздыкты корсотуптур айрыкча акырында бийлеп жаткандардын жоголуп Дайыр жалгыз калган жери.ушул жерде тушунсон болот жалгыздык кандай экенин идеяга 5.
29.04.2010. 15:02
 LIVER
Мага абдан жакты
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: