Эрлан Андашев "Кайгырба"
03:30
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 19-04-2010
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(20 добуш)
Байлыгым жок деп кайгырба,
Ден соолук сенин байлыгың.
Он эки мүчөң соо турса,
Ошол да сенин бай күнүң.
Ал-күчүм жок деп кайгырба,
Акылдан өткөн чоң күч жок.
Акылсыз баатыр сак жүрсө,
Акылы көптө көңүл ток.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Сулуулук жок деп кайгырба,
Сулуулук болот жүрөктө.
Жүрөгүң соксо токтобой,
Чырайың кетет күн өтсө.
Бакытым жок деп кайгырба,
Ыйманда сенин бакытың.
Баспасаң мечит тарапка,
Бакыттан сенин качышың.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Талантым жок деп кайгырба,
Татыктуу жашоо чоң талант.
Таза жол менен жашап өт,
Үй-бүлө отун калкалап.
Акылым жок деп кайгырба,
Акылдуу болуш аста-аста.
Акылман сөзүн көп уксаң,
Акыл да келет кырк жашта.

Ай-ай-ай-ай-ай

Атагым жок деп кайгырба,
Атактуу жүрөт тузакта.
Азаттык сенде андан көп,
Кызыктын баары сен жакта.
Турмушум оор деп кайгырба,
Оңой деп эч ким айтпаган.
Тайкүлүк ташы бут тоссо,
Чыңала түшкүн кайтадан.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба сен, ай, кайгырба.

Комментарийлер (79)

29.04.2010. 14:44
 Rucalka
Молодец Эрлан ты супер голос !
29.04.2010. 14:47
 Rucalka
супер супер и еще раз супер !!! развивай успехов тебе !!!
05.05.2010. 12:25
 naglyi
Эн негизгиси ырдын тарбиялык мааниси бар экен. Кээ бироолордой болуп тантырай берген эмес. Азаматсын Эрлан эгер озундун ырын болсо
05.05.2010. 20:07
 sakura
sozdory, aranjirovkasu, yny baaru keliwimdyu, negizkisi maanisi bar bolyptur!
05.05.2010. 21:13
 sakura
KubaBuba, v kakom smusle vsy pesnuy isportil?eto je nova9 pesn9?...? kstati eto pesn9 deistvitel'no ispoln9ets9 dyetom, Erlanom Andashevum i Mirbekom Atabekovum
06.05.2010. 13:13
 aladinali
мыкты аткарылган ыр. Элибиз так ушундай улуттук калариттеги ырларга суусап турган учуру эле..
Азаматсын, ийгиликтер.
06.05.2010. 13:15
 aladinali
sakura
радиолордон бул ырды Эрлан Андашев деп эле берип жатышат го....
сизден биринчи жолу бул ырды эки ырчы чогуу ырдаптыр деп уктум.
Мунун канчалык денгээлде калпы чыны бар.
06.05.2010. 13:16
 aladinali
KubaBuba
сизге бир эле суроо Бул ырдын кайсы жери ужас экенин байкадыныз.
Балким форумчуларга да айтып коерсуз, балким биз байкабай жаткандырбыз......
06.05.2010. 13:19
 andormeda
Создору маанилуу экен!
07.05.2010. 16:53
 sher
uh ty
azamat erlan
degi sen sonun irdaysin bilesinbi munu?
11.05.2010. 22:56
 azamatdatka
azamatsin Erlan!!! sonun ir jaratipsin/ Otkon jumada Kg Obondorunda hit paradda 1-orundu aldi. Saga iygilik!! Akirki chigarmalarin maga oto jakti. Emi uyat kilbay jakshi irlardi jarata ber/
Tolko vpered/
11.05.2010. 23:01
 kgnarod
Аябай жакшы ыр экен. Созу, уну менен топ келишиптир. Эрлан ырдап жатканда клибин элестетип койдум.
Ото маанилуу, супер трек болуптур.
11.05.2010. 23:05
 alabama
оо бул ырды ким ырдайт деп журсо. Эрлан ырдайт тура. Анда молодец.!!!
кантип кочуруп алса болот!!
11.05.2010. 23:10
 osobiy
Брат супер песня!! тебе творческих успехов, а песня хитовая!!
слова очень трогательные...
12.05.2010. 05:26
 Arstan
Эн сонун ыр экен,накта кыргыз ыры болуптур,маанилуу да экен.Эрлан СУПЕР!
13.05.2010. 12:37
 Аделина
Сулуулук жок деп кайгырба,
Сулуулук болот жүрөктө.
Жүрөгүң соксо токтобой,
Чырайың кетет күн өтсө.

супер ыр болуптур!!
Демек, жаштар да Санат ырларын жарата алат экен да эээ,,,
Эрлан азаматсын!!!!
13.05.2010. 12:38
 Аделина
Талантым жок деп кайгырба,
Татыктуу жашоо чоң талант.
Таза жол менен жашап өт,
Үй-бүлө отун калкалап.
13.05.2010. 12:38
 Аделина
Атагым жок деп кайгырба,
Атактуу жүрөт тузакта.
Азаттык сенде андан көп,
Кызыктын баары сен жакта.

карачы просто супер.
акылына келбеген оригиналдуу ойлор!!!
мен угуп алып абдан бактылуу болуп атырым!!!
13.05.2010. 12:40
 Аделина
супер кочургонго эртерээк мумкунчулук бергилечи, плиисс....
а то бул ыр менен ооруп калдым!!,....

Турмушум оор деп кайгырба,
Оңой деп эч ким айтпаган.
Тайкүлүк ташы бут тоссо,
Чыңала түшкүн кайтадан.
19.05.2010. 15:16
 kgnarod
Создору маанилуу,
Обону кыргыздыкы,
аранжировкасы комуз мнен экен!!
Азаматсын!!
Мындай мыкты ырларды жарата бер!!!
22.05.2010. 12:12
 azamatdatka
мыкты ырго...
супер силерге кочугонго уруксат бергенинерге...
уйдо кундо угуп жатам...
Эрлан молочик!!
28.05.2010. 17:08
 Даниэль
жакшы,бирок атабековту туурагандай болуп калыптыр
31.05.2010. 16:07
 elina
Созу да, обону да аябай маанилуу. Азаматсын!!!
31.05.2010. 20:05
 zamanbap
Жакшы
02.06.2010. 17:56
 suluuluk
Абдан жакшы ыр
обону да, созу да мыкты денгээлде.
Эрлан дагы мыкты аткарыптыр. Азматсын!!
угуудан эч тажабайм. Обондорунун хит парадында 1-орунда экен го.
бирок негизи татыктуу эле ыр го..
05.06.2010. 13:00
 akiykat
Акыйкаттыгымды суйлойун!!
Ырдын обону, созу жана аранжировкасы бири-бирине топ келишиптир.
Аткаруучулук чеберчилигине 5 деген баа бердим. Негизи ыр канчалык жагымсыз болсо дагы, аткаруучулук чеберчилик болсо баардыгы мыкты болот. Мыкты аткаруучулар азыркы куну бизде аз: Ынак, Мирбек А. , Гулнур эже (озгочо "Келем дедин" деген ырында), Султан (кээ бирде аябай эле албуутанып кетет), жана ушулардын катрын Эрланда толуктап келе жатат. Акыркы чыккан 2 ыры буга мисал.
Азаматсын
15.06.2010. 12:30
 suluuluk
Эрлан Андашевтин "КАЙГЫРБА" аттуу ыры азыркы учурга туура келген ыр болду корунот. Эй, кыргыздар Кайгырба, сен, ай, кайгырба!!

Бул ырдын жаратуучуларына терен ыраазычылык билдириш керек.
15.06.2010. 13:15
 azamatdatka
Бул ыр мага негизи абдан жагат.
азыр минтип маанайыбыз тушуп турганда позитивке чакырып турат.
04.08.2010. 22:48
 kumtel
Суйуп калдым кантейин чыкканда, бала мындан сон суйуу темасын эле ырдап калат го десе...
Сонун ыр экен. Бул ырды комуз, аккардеон, гитара каалаган инструмент менен ырдаса болот. Азаматсын!!
эми эмнени ырдар экенсин...
04.08.2010. 23:21
 kinostan
sozdoru ukmush go///

ayabay jaman boldum ugup alip///
kunoolorumdu da estep kettim go////
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо