Эрлан Андашев "Кайгырба"
03:30
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 19-04-2010
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(20 добуш)
Байлыгым жок деп кайгырба,
Ден соолук сенин байлыгың.
Он эки мүчөң соо турса,
Ошол да сенин бай күнүң.
Ал-күчүм жок деп кайгырба,
Акылдан өткөн чоң күч жок.
Акылсыз баатыр сак жүрсө,
Акылы көптө көңүл ток.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Сулуулук жок деп кайгырба,
Сулуулук болот жүрөктө.
Жүрөгүң соксо токтобой,
Чырайың кетет күн өтсө.
Бакытым жок деп кайгырба,
Ыйманда сенин бакытың.
Баспасаң мечит тарапка,
Бакыттан сенин качышың.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Талантым жок деп кайгырба,
Татыктуу жашоо чоң талант.
Таза жол менен жашап өт,
Үй-бүлө отун калкалап.
Акылым жок деп кайгырба,
Акылдуу болуш аста-аста.
Акылман сөзүн көп уксаң,
Акыл да келет кырк жашта.

Ай-ай-ай-ай-ай

Атагым жок деп кайгырба,
Атактуу жүрөт тузакта.
Азаттык сенде андан көп,
Кызыктын баары сен жакта.
Турмушум оор деп кайгырба,
Оңой деп эч ким айтпаган.
Тайкүлүк ташы бут тоссо,
Чыңала түшкүн кайтадан.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба сен, ай, кайгырба.

Комментарийлер (79)

19.04.2010. 11:58
 KubaBuba
Ужас, всю песню испортил!
19.04.2010. 12:34
 таалай
уну мирбектикине окшош экен ыр нормально азамат.
19.04.2010. 17:37
 URB KG
оптимисттик маанайга чакырган жакшы ыр экен. Талантын оркундой берсин балам...
20.04.2010. 04:02
 Tokmok
Iyigilik!!!
20.04.2010. 16:00
 Адам
Eeeeen sonun!
Sozdorun jazyp koigula Super-Info?
plz
20.04.2010. 22:30
 Kg girl gulkair
мне песня понрав. молодец))
кстати да Мирбектин унуно окшойт..
20.04.2010. 22:30
 Kg girl gulkair
мне песня понрав. молодец))
кстати да Мирбектин унуно окшойт..
21.04.2010. 10:09
 Janayim
Да Мирбек тоже ничего, но Эрландын уну Мирбектикине караганда интереснее. Бироого окшоштуруп салыштырганды койгулачы.Атабеков менен бутуп калмак белек андан да кучтуулор чыгышы керек.
21.04.2010. 10:40
 akiykat
Сонун ыр болуптур!! чныгы жашоодон алынган ыр сымалданат. Теккстти аябай кучтуу маанилууу экен. Обону нуура кыргызча кайрыктардан куралган. Эмне демек элем. Азаматсын!!! ийгиликтер. Негизи эле бул мырза, онолду жакшы ырларды ырдай баштады.
21.04.2010. 10:41
 akiykat
Эмне учун коро албаспыз,, Уну жакшы эле турат го. Кыргыз фольклоруна жакын. Иичнер куйсо укпай эле койгулачы. Жакшыны жакшы жамнды жаман деш керек.
А бул ыр жакшы экен и всё!!
21.04.2010. 17:46
 suluuluk
оооооооооо супер ыр болуптур. Азаматсын!!!
Эрлан "Суйуп калдым, кантейин" дагы да жакшы ыр болду эле. Ушунунан жазба. Эми кжакшы клип жана хит жаратышын керек. Аны унутпа.
21.04.2010. 19:27
 Адам
Chooooooon rahmat super-info!
21.04.2010. 19:27
 Адам
Chooooooon rahmat super-info!
21.04.2010. 20:14
 Kg girl gulkair
админы можете скинуть ссылку, чтоб скачать песни... пожалуйста__
22.04.2010. 19:59
 Nuriik
Жакшы ыр, бирок бул ырды радиолордон Мирбектики деп берип жатпайбы, кантип тушунсо болот......
22.04.2010. 21:02
 malakay
Nuriik
а кайсы радиодон антип уктунуз???
мен бул ырды радиолордон вообще уга элекмин!
Супер Инфо бул нерсени билип беруунуздорду отунобуз???
деги бул кимдин уну??? кимдин ыры???

а эгер ыр жонундо суйлой турган болсок ыр мага ото жакты. Жашоонун ыры экен.
Эгер Эрландын ыры болсо АЗАМАТСЫН!!!
23.04.2010. 01:00
 Chippolino
ERLAN ANDASHEV----BRAVO!!!
23.04.2010. 22:02
 Kg girl gulkair
СКИНЬТЕ ССЫЛКУ...
или КАК СКАЧАТЬ,,,,
29.04.2010. 14:44
 Rucalka
эн Соонун ааа эмне кочурууго болбойбу ? "Эльшфира"
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо