Замир Арыкбаев "Мөлтүрөгөн"
Жанр:Поп
00:03:41
46,39 Мб
Жүктөлгөн: 26-11-2014


Эркелесең кулпуруп өзгөчөмсүң,
Элигиндей талаанын
Аруулардын кечеги данегисиң,
Ай үстүндө маралым.
Адамзаттын ажарлуу көркөмүсүң,
Күндөй ачык кабагың,
Көңүлдөгү сезимдей эрке кушуп,
Сагынычтын шамалы.

Кайырма:
Мөлтүрөгөн, мөлтүрөгөн
Мөлтүрөгөн жанарың...

Санаа-ойдун сезимдин чертимисиң,
Оттой неге жанамын.
Жүрөгүмдө жаралган махабатым,
Жоодураган каралдым.
Кербен сулуу чырайлуу келбетиңе,
Көзүмдү албай карадым.
Өз теңимди таба албай жер бетинен,
Бакытыма бааладым.

Кайырма:

Сызып учкан ак куудай көл бетинен,
Аппак экен тамагың.
Жадыратар жолумду, өмүрүмдү
Үлбүрөгөн жамалың
Сендей сулуу жок десем сен сезбейсиң,
Барбы менин амалым
Бул өмүргө келгендей жакшы ыр үчүн
Мөлтүрөгөн жанарым.
  • Currently 3.75/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

26.11.2014. 12:15
 dinooou
Үнү уккулуктуу жакшы ырдайт экен,Мирбек Масалиев.
26.11.2014. 12:40
 Compact
Красавчиктер!!!
26.11.2014. 12:45
 ayaza
Аябай жакшы ырдашыптыр,азаматтар!!!
26.11.2014. 13:14
 Nazi_18
Баягы башка элдикин уурдамай. Муз арт тобунун "Мөлдиреген жанарын" деген ырын купуя окшош кылып ырдапсыңар. Муз арт тобу бул ырын мыкты аткарган.
26.11.2014. 15:01
 Aijash90
Ушул Замир агабыз мынчале казак ырларын ырдайт десенер,,,,ойлойт окшойт мен мындан жакшы ырдайм деп,,,жок эч качан биринчи аткарган адамдарга эч жете албайсынар!!!туурабагыла уурдабагылааа
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: