Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Добр "Кара жорго"
03:06
2,83 Мб
Жүктөлгөн: 05-12-2014
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(23 добуш)
Нечен-нечен миңдеген
Кереметтүү бийлеген,
Кара жорго калайыкта
Бийиң барбы билбеген?
Кенен-кенен кыймылда,
Келерки той күн кайда?
Келер-кечке ким бийлесе,
Ден соолукка миң пайда.

Кайырма:
Кенен-кенен бийлеңиз,
Жеңилдесин денеңиз.
Бул ыр менен эсте калсын сиздин бийлегениңиз!

Кара жорго, калайык,
Бийин бийлеп алалык.
Кел бийлеңиз, эринбеңиз,
Жүрөк алсын кубанып.
Кадам кана ким таштайт,
Кереметтүү бий баштайт?
Карап турсаң эч кимиси,
Бир-биринен калышпайт.

Кайырма:

Сынып-сынып бийлеген,
Сырын эч ким билбеген,
Кылым катып жүргөн бийсиз
Өтпөй калды той деген.
Денең-денең силкилдейт,
Кереметти ким билбейт?
Дениң-дениң сак болушка
Кара-жорго бийле дейт.

Комментарийлер (41)

05.12.2014. 14:07
 Bostery
Ырдабай эле койсон болмок ушуну Добр Братан
06.12.2014 01:15
kmLove
Bostery, Ого жаман кыжалат болупсунго а е же сен ырдап чыгайын деп жаттын беле. Хе хе хе
Комментарийлерди жашыруу
18.12.2014 03:55
Jalliwood_uluk
kmLove, туура айттыныз!!!
05.12.2014. 14:10
 shok_Jigit
Жакшы болот мага жакты аябай
05.12.2014. 15:21
 joma.z
Добр тойго чыгарган болшун керек,жакшы эмес..!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо