Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кубаныч Сатаев "Сагынам"
Жанр:Поп
00:03:50
101,73 Мб
Жүктөлгөн: 20-05-2010


Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:Б.Жандаровдуку

Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Жумуштан иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.

Көрүшкөн жандай жаңыдан,
Кете албай алыс жаныңдан.
Кылчактап улам кайрылып,
Кыйылган күндү сагынам.

Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр багынан.
Колума кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.

Сагынам, сени сагынам,
Алыссың кантем жаныман.
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (59)

20.05.2010. 11:23
 Colt45
Озунордун бааларынарды бере бергиле
20.05.2010. 12:31
 KubaBuba
Ыр озу жакшы, бирок клиге 2! Колхоздо ушундай болобу? Эрте менен эле бакта колонкалар менен ырдашып)))
20.05.2010. 21:07
 rusbaibek
аябай жакшы экен!
21.05.2010. 10:53
 sher
Gitara jertkenge dele shlyapa berip koysonor bolmok eken
21.05.2010. 12:03
 akylzirek
Негизи ушул Кубаныч мыкты ырчы жана мыкты жигит!Кыргыз ырларынын наркын да сактай билет, эстрададан да артта калбайт, ошол эле учурда создору начар, обону атылып кеткен ырларды эч качан ырдабайт.Эски ырлардан айланса болот, а ошондой эски ырларды жаныртып элге жеткире ырдагандарга медал бериш керек.Ыр дагы, клип дагы жакшы болуптур.Жасалма эч нерсе жок.Чыныгы артисттин 1 кундук турмушу жана чыгармачыл жолдогу жургон инсанга арналган аруу, сырдуу суйуу...
Азаматсын Кубаныч!Атанын чыныгы уу
21.05.2010. 12:03
 akylzirek
Азаматсын Кубаныч!Атанын чыныгы уулусун!Сага чыгармачыл тумон туйшукторду,чексиз ийгиликтерди каалайм.Унун очпой, атагын арта берсин!
21.05.2010. 15:03
 xman
Ырда айып жок, жакшы мазмундуу ыр. Клип болсо мага башталышы менен аягы эле жакты, Колхоз-Совхоз учурунда айылда жакшы кызык жашоо болчу ошолорду аралаштырса болмок экен... Бирок бул менин жеке оюм...
23.05.2010. 22:33
 Persik
Эски ырлар дайыма уккулуктуу,анан да Кубанычтын уну озунчо шарм берип турат.Клип орто, ыр эн сонун.Чыгарман оркундой берсин,атасынын ордун баса албаса да,Чубактын жоктугун билиндирбей жакшы чыгармаларды элге тартуулап келе жатат.Уулун Чубактын омурунун уландысы десек да болот...Анын ырдалбай калган ырларына жан киргизуудо...АМАН БОЛ!!!
24.05.2010. 18:43
 Dooron
Oo!! myna ushundai yr degile. Maga jakty. superdin super yry eken go.
26.05.2010. 10:50
 Jiza
Bul yrdy ukkan sayin kowulup yrdaybyz! Uluu muun suygon bul yrdy Kubanych jawtardyn da suyuktuu yryna aylandyra aldy, azamat!
26.05.2010. 17:11
 Бродяга
Мага жакты, эски вариантын угуп көрүш керек экен..
27.05.2010. 18:54
 aziattita
вопросов нет. арзанга тартылган бирок жакшы ыр екен. клип ортодон ылдый
30.05.2010. 19:21
 padishah
Азаматсын Кубаныч тартынбай эле ырдай бер...
01.06.2010. 15:42
 nargizao
Клип Таластын кайсы айылынан тартылыптыр, айтып койгулачы сураныч.
02.06.2010. 11:28
 Jiza
Yr dagy, jigitter dagy, klip dagy jakty! Azamatsyz onorunuz orkundoy bersin! Maanaydy kotorgon klip eken.
02.06.2010. 13:12
 bekjangold
Аракети бар!
03.06.2010. 16:15
 Tony Ka
Klipti koryp aiyldy sagynyp kettim, oturgan enelerdi koryp, taenemdi estep kettim.
04.06.2010. 16:30
 Jiza
Клипти коруп отуруп кыялданып журуп, айылга 10 жылдыкка кеткем.Классташтар менен майрамдап, укмуш эс алып келдим. Кубаныч байке,ушул ырынызды ырдап приз утуп алдым. Рахмат сизге, чыгармачылыгыныз оркундой берсин! Дагы качан жаны ыр, жаны клип коробуз??? Куттурбонуз?!
05.06.2010. 18:35
 АйГа
ушул байке мага аябай жагат да.!
05.06.2010. 21:38
 BEKTUR AZHO
Эркек да эркек...
06.06.2010. 09:44
 Lili
Девочка такая красивая.
06.06.2010. 20:16
 OKEI
NERMELNO,kliptegi kyz suluu eken,
07.06.2010. 03:20
 nurka
Малодец чиста кыргызкий жизнь!!!!
08.06.2010. 15:03
 Perfekt
Maga bul yr abdan jagat.Klip dagy jakty.
08.06.2010. 18:41
 Дикуся
Эски ырга сонун аранжировка жасалган,клип бир коргонго болот.
09.06.2010. 19:39
 BOLOTBEK ЧМИ
братан КОНУЛ СЕРГИТИЧУУ КЛИР БОЛУПТУР!!!АЯБАЙ МЫКТЫ АТКАРЫЛЫП ТАРТЫЛГАН!!!
10.06.2010. 15:46
 cool Nka
начар эле
10.06.2010. 17:08
 Jiza
Эн сонун клип! Чыныгы кыргыз ырчылары уш-п эле гастролдошот. Колдоо корсоткон адамдарга уш-п бекер эле концерт тартуулашат. Чыгармачылык ийгилик!!!
14.06.2010. 17:40
 ryzhak
супер жон элечи. ыр супер, клип супер. баары супер. мен дагы супер!!! Байке, байке! Чакырыватат!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: