Мирлан Баеков "Ата тилеги"
Жанр:Поп
00:03:48
46,97 Мб
Жүктөлгөн: 19-01-2015


Сөзү:Ж. Абдыраимовдуку
Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.

Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.

Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.

Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Кайырма:
  • Currently 4.83/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (79)

19.01.2015. 13:53
 ulik.2014
Эми ушул клип окшоптур. А мурункусу комедия болчу) Ийгилик!!!
19.01.2015. 14:11
 МИЯ
сонун клип болуптур,бир сыйра ыйлап алдым
19.01.2015. 14:19
 anara-anara
Мынча кайгылуу кылып тарткан. Журогум ооруп кетти.
19.01.2015. 14:20
 Guli.K.E.
эхх. сонун сонун башка айтар созум жок . А Калипа вообще красавица. Молодец!!!
19.01.2015. 14:40
 snejinka
Мыкты! Таасирдүү клип..көзгө жаш алмайынча көрө албайт экенсин. Супер!
19.01.2015. 14:57
 deva
Жакшы да жаныма салфетка алып алган экем, бырылдап өлбөдүмбү ыйлап. Бирок жашоодо мындай болбой эле койсунчу, ата-эненин экөөсү тең балдардын жакшылыгына күбө болушсунчу!
19.01.2015. 15:42
 MaRmeLaDka
Абдан таасирдүү клип болуптур. Ырдын текстине клиби жарашкан, сонун клип экен. Негедир эреркеп кеттим. Өзүм да ата-энемди эстеп бир сыйра ыйлап алдым(((. Калипа да жакшы аткарыптыр, актер дагы.
19.01.2015. 18:14
 jasi
Таасирдуу клип болуптур. Ушул бакыт ар бир кызга насип болсун!
19.01.2015. 19:11
 Bakulya79
клипке соз жок.аткарган актерлор да ушунчалык жеткире аткарган.бир сыйра менда шолоктоп ыйлап алдым.кыскасы соз жок.
19.01.2015. 20:27
 nargiz37
сонун клип болуптур
19.01.2015. 22:32
 Eldiyar85
Актриса татынакай экен
19.01.2015. 22:35
 elvira1980
Аябай соонун,аябай жакшы,сапаттуу журокко жеткен клип болуптур аткаргандар мыкты аткарышыптыр АЗАМАТСЫНАР!
20.01.2015. 00:04
 Nuri-Alina
Супер клип болуптур
20.01.2015. 01:02
 SAMAT1986.1990
атасы жакшы ойноптур ролун
20.01.2015. 01:05
 zaika.tvo9.1990
Көрүп алып ыйладым го кошо.
20.01.2015. 02:20
 Angel92
Сонун,сонун!Ыйлап алдым бир сыйра
20.01.2015. 02:59
 mi-li-na
Клипти укмуш деп айтууга болбойт,бирок, Мирландын унун укмуш деп айта алам,уну таза жа мыкты. Актер агабыз да мыкты аткарат ролдорун.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: