Данияр Эрматов "Адам бойдон калгын өзгөрбөй"
03:54
3,57 Мб
Жүктөлгөн: 29-06-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Нурмат Садыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(37 добуш)
Бакыт сунуп өмүр бир келген,
Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем.
Аруу таңдай маанай арнагын,
Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен.
Билип жаман жолго баспагын.
Ак дилиңди таза бойдон сактагын
Адам бойдон калып өзгөрбөй,
Адал иштеп, асыл ойдон качпагын.

Кайырма:
Кечиргин, кечир өткөндү,
Кечиргин, душман, көпкөндү,
Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин.
Кечиргин, буттан чалганды,
Кечиргин, күйүт салганды,
Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым.

Убактылуу, билсең тактың да,
Байлыкка, бийликке дилиң азгырба,
Кичипейил болуп жүргүнүң,
Бирдей баары, жараткандын астында.
Жакындарга дайым жолуккун,
Жакырларга жардам берип колуң сун,
Таарынычтын баарын унутсак,
Мына ошондо келет бизге сонун күн.

Кайырма:

Комментарийлер (36)

29.06.2015. 19:36
 burka
Аябай мааниси сонун болуптур, молодец Данияр ийгилик мындай ырлар ар дайым журогумдун тупкурунон орун алат
29.06.2015. 21:06
 AiNuR_777
Молодец Данияр Эрматов ар дайым маанилуу ырларды ырдайсыз. Ийгилик сизге
29.06.2015. 21:34
 Rasul_Rahmanaliev
оо Данияр создору ото маанилуу экен.Алгалай бер.Ырды жакшы тандап ырдап жатасын! Өзүңө үй булолук бакыт!!Бактылуулук курчасын))!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо