Самара Каримова "Оо, Жараткан, сактай көр!"
Жанр:Поп
00:04:15
53,28 Мб
Жүктөлгөн: 27-07-2015


Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой,
Оо, Жараткан суранычым угуп кой.
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр!

Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой,
Оо, Жараткан жалынычым угуп кой.
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!

Жаратканым өтүнүчүм угуп кой,
Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой.
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды сактай көр!
Ата-энемди, бир тууганды сактай көр!
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
  • Currently 4.00/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

28.07.2015. 14:04
 sabyr86
клип сонун болуптур. ХХХ ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-07-28 15:05:07
28.07.2015 15:05
admin_media
sabyr86,
Порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикир же сунуштар болсо, admin@super.kg дарегине кат жазып жөнөтсөңүз болот.
28.07.2015. 14:35
 jazgul80
Элдин жердин амандыгында тилеп койбоптур да. Эл аман болсо анан уй булоо. Ата эне. Бала аман болот. Катачылык бар. --------
28.07.2015 17:50
chanel11
jazgul80, Самарага элди жердин амандыгын эмне кереги бар эле .суйгону аман болсо болдуда ар бир 10 кундо жаны клип чыгып турат
29.07.2015 16:31
jazgul80
chanel11,ырларын эл угуп эл баалап жаткандан кийин Элди кошуп койуш керек эле туурабы.
28.01.2016 16:29
gulbar
chanel11,ой боорду эзесинер да
28.07.2015 18:23
BubleGum
jazgul80, туура копко тилеш керек, коптон кийин озго тилеш керек. Ай тийсе да, кун тийсе да С.Каримовага болгондой ыр болуп калыптыр. Ичи тарлык кылганым жок, бул ырды балким ар ким оз жакындарына ырдап бермеек эгер обону эсте калаарлык, уккулуктуу болгондо...
28.07.2015. 18:26
 BubleGum
клиптери былжырак болуп баратабы дейм э достор? Бир аз эс алып идеяны байытып анан тартса жакшы болмок... Съезд инибиз да Самарадан качып кетмей болбосун. Бирок, акчасын толоп бергенден кийин тарта берет да. Клипмейкэр стилинизди озгортунуз "вертушканы" учуруп Ж. Райымжан кызы "Тугойум" эми бул клип коендой окшош. Изденинизчи!!!!
28.07.2015. 19:57
 Rasul_Rahmanaliev
Колунардан келсе тартып алгыла!! Сонун клип !!!Алгалай бер Самара!!ит уро берет!!!!
28.07.2015. 21:06
 Bonia9189
Ой жакшынакай клип болуптуратго ыры деле сонун экен жарым жыланач болуп чыгып жургондорго кенеш айткылачы,жакшынакай эле болуп турат бактылуу жубай, мээримдуу эне,таланттуу тарбиялуу ырчы кыз дагы эмне керек айланайындар?
28.07.2015. 22:53
 Dashi
Ииий ичинер куйсо туз жалагыла дегендей кылып коюптур го...ооба эми аман болсун суйгонун.ошонун амандыгын кобуроок тиле,
28.07.2015. 22:59
 nargiz37
Сонун клип болуптур алга Самара сени коро албагандар аябай коп экен эмнеге арабызда ушундай ичи тар адамдар бар экени окундурот сен акылдуу сулуу айымсын
28.07.2015. 23:03
 supeeri
Манилу сонун клип ыр болуптур молодец Самара коз тийбесин ийгилигине жана уй булоно!
29.07.2015. 00:17
 lika83
Молодец! как она сохранила такую фигуру после родов.
29.07.2015. 04:34
 Erniet
Ар бир айдын алтысында арзан клиптерди тарта бербей чыйылдаган ун менен жетпеген обонго асылып не кереги бар дейм да. Кичине маанилуу маныздуу чыйылдагы жок угумдуу жана башкалар ырдабаган жаны чыгарма болор бекен
29.07.2015. 07:06
 miia
эч жакпайт
29.07.2015. 10:39
 Aipri
Акыркы кундору маанисиз клиптер коп тартылып жатат. Самаранын клиби да маанисиз клиптердин санын толуктайт. Мага жаккан жок.
29.07.2015. 17:25
 ailam14
Орто
29.07.2015. 22:27
 edelveis0088
коралбасан туз жала жатып алып муз жала... Самара азаматсын...
30.07.2015. 11:19
 mikinookat
карагойубуз окшойт,,,
30.07.2015. 19:32
 g.jumabekova
Сонун. Супер. Жакты.
30.07.2015. 20:51
 mersedes2013
Самара эгоистка турбайсынбы,озунду эле тилей бербей Эл журтумдун,Ата Журттун ,Кыргыз элинин тынчтыгын ,амандыгын деле тилеп койсон болмок.
30.07.2015. 20:54
 mersedes2013
Ырды угуп отуруп качан элин жерин айтат деп кутуп отурсам,бул ырын чындыгын эл угат го,дми пускай уйбулосуно ырдап берсин
31.07.2015. 01:33
 joker007
Уйундо ушинтип дасторкон жайып чай ичип буткондон кийин дуба кылып кое турган ыр экен.Безпонтовый ырларды эле ырдай берет экен да уккум келбей калды акыркы кундору.Уйундо эле отурчу дуба кылып сураныч чалынды балдарынды карап.
31.07.2015. 11:04
 sher.ella
Абдан сонун болуптур
31.07.2015. 14:26
 nazya5
Клип жакшы тартылыптыр, бирок ырдын обону такыр уккулуктуу эмес экен, эптеген эле ыр болуп калыптыр. Иши кылып ырдын, клиптин санын кобойтуштун амалы экен даnazya5 түзөттү 2015-07-31 15:17:18
31.07.2015. 17:10
 aku
Админ.гулнур сатылганова менен урушу эмне менен аяктады? Ошодон кийин такыр ырларын уккум келбей калды
08.09.2015. 15:42
 AFRODITA-89
ушул ырдын тексти керек болуп атат кайдан табам жардам бере аласыздарбы! Рахмат!
26.09.2015. 21:08
 vaselisa
Анжеликанын "Бактылуумун" аттуу ырындагы клибинин копиясыго...... Туурабай кичине башты деле иштетиш керекта......
18.10.2015. 08:16
 dastan_nookat
Уй-булонуздорго ийгилик каалайм!
12.11.2015. 12:11
 amanatym
клип эмес жон эле семейное видео.
17.12.2015. 20:20
 gulbar_85
клип десе эле уй булосун тарта берет экен да актерлор менен иштесен болбойбу же чыгашадан качасынбы куйоосу да тажабайт экен
24.12.2015. 03:02
 Aziza.Kas
Ырдын мааниси, клиптин ырга айкалышып тартылышы жакты. Азамат. Мага уну абдан жагат.
27.01.2016. 22:10
 mahabat08.07
Oo jaratkan saktai koor dep yrdagany tuura emes.
Kantip yrdady Alla Taalamga bolgonun tilegin.
03.09.2016. 02:26
 Nurzatka94
Ой тообо Алатоомду дертирго ошол элим дегени да, ар биринди айтып отурса кандай ыр болсун, Негизгилерин айтты да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: