Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Данияр Эрматов "Адам бойдон калгын өзгөрбөй"
Жанр:Поп
00:03:59
60,66 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2015


Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Нурмат Садыровдуку

Бакыт сунуп өмүр бир келген,
Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем.
Аруу таңдай маанай арнагын,
Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен.
Билип жаман жолго баспагын.
Ак дилиңди таза бойдон сактагын
Адам бойдон калып өзгөрбөй,
Адал иштеп, асыл ойдон качпагын.

Кайырма:
Кечиргин, кечир өткөндү,
Кечиргин, душман, көпкөндү,
Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин.
Кечиргин, буттан чалганды,
Кечиргин, күйүт салганды,
Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым.

Убактылуу, билсең тактың да,
Байлыкка, бийликке дилиң азгырба,
Кичипейил болуп жүргүнүң,
Бирдей баары, жараткандын астында.
Жакындарга дайым жолуккун,
Жакырларга жардам берип колуң сун,
Таарынычтын баарын унутсак,
Мына ошондо келет бизге сонун күн.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(40 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (100)

08.08.2015. 03:27
 jazgul80
Эн сонун клип болуптур. Азаматсын Данияр сага ден соолук ишине ийгилик . Коптогон дагы жаны эн сонун клип ырларды кутобуз аман бол. Бактылуу бол. Биз сен менен. Суйуу таштап кетти суйуп калдым деп эле клип ыр чыгарышат. Мазмундуу клип чыгарса болот экенго. Алгааа Данияр.
08.08.2015. 03:52
 erko77
Озбектерден дагы бир клипти уурдаптыр..бирок 5+
08.08.2015. 05:46
 meka94
azamatsyz soonun klip
08.08.2015. 08:08
 dastan_nookat
Сонун клип жылдын супер клипбине жетишин каалайм алга Данияр мындан да сонун клиптерди жарата бер !!
08.08.2015. 09:39
 burulai94
ваааааууууу я восторге клип ништяк
08.08.2015. 11:18
 rysbek31
Кол чабуулар клип ото тасирдуу азаматсын
08.08.2015. 11:20
 Alisher
En soonun klip boluptur ir klip top kelisken tarbiyalik maanisi en jaksi.Allahim baaribizdi tuura joldo juruucu insandardan kilsin...Iygilik...
08.08.2015. 11:31
 sezimai93
Сооонун клип болуптур Азаматсыз дагы да коптогон ийгиликтердин каалайм
08.08.2015. 11:46
 Anarbek2015
Клип супер,ыр супер ушул клипти чондорубузда коруп укса экен
08.08.2015. 12:05
 moskyrsat
Азаматсын Данияр.Соонун сага ийгилик каалайм
08.08.2015. 12:58
 Jumaakb
Айылдашым Азат журотго....бали...клипти тарткан Эрнест молодец....ал эми ырды, клипти элге тартуулаган Даныяр азаматсын. Алга супер клип...мындай идея жаралышы озу кыйын.....ар бирибиз адам бойдон калалы.....созу, обону да жакшы чыгыптыр....
08.08.2015. 13:35
 jfj
Menin Daniyaryma ech kim jetpeit.
08.08.2015. 14:46
 Suiunbekova_kg_Seket
Клип супер! Ийгилик Эрматов.
08.08.2015. 14:51
 beben
Жакшы кичинекей ото эле ширингоооо
08.08.2015. 15:04
 kyrgyzka96
Клип эн сонун Данияр байке Чыгармачылыгыныз мындан да оркундой берсин! Кичинекей Канатчик да сонун аткарыптыр, онорун оркундой берсин Канатчик.
08.08.2015. 15:10
 Giza
Сонун клип болуптур. Аябай таасирдуу экен. Азаматсын!
08.08.2015. 15:59
 Gulnazz93
Озбектердин бир клибинин идеасын алыптыр негизи жакшы клип болуптур
08.08.2015. 16:03
 Mirba24
Жылдын супер клипби. Ыр да уккулуктуу сонун ыр.
08.08.2015. 16:15
 Erkatay1108
Суйгон кызым Нарындан деген ыр кимдиги Супер-инфо айтып коюосуздарбы
08.08.2015. 17:13
 sabyr86
Урматтуу Эрнест Сыдыков клип сонун,супер бирок бир сураныч,ар бир ырчынын жаңы клибине тиги Сайкалдын эски жигитин кошо бербегилечи,көрөйүн деген көз жок.
08.08.2015 18:03
Puwkin
sabyr86, сен клипти корда Сайкалдын жигити деп аны корбой! Ушул сен озун Сайкал окшойсун.
10.08.2015 13:16
12.12.12
sabyr86,Туура айтасын. Азыр клипке 3-4 кыз-жигиттердин жузу тартылып калган. Ырчы, ыр башка. Баягы эле каармандар. Бирок ырда кеп жок.
08.08.2015. 17:21
 guljigit96
өтө сонун клип
08.08.2015. 18:03
 Puwkin
Соз жок эн мыкты деген баа берем.
08.08.2015. 18:25
 Aimeerimka
Тарбиялык мааниси кучтуу клип болуптур ыйлап жибердим мен.Ийгилик каалайм Даниярга.
08.08.2015. 20:01
 KG_vip
Сонун килип толкундабай тура албайсың азаматсың Данияр алга555555
08.08.2015. 21:30
 rnurzida
Мыкты ыр, мыкты клип, алтын үн. Баары супер. Кичинекей бала аябай ширин экен мотурайып. Көз тийбесин.
Клип жылдын супер клиби болуптур.
08.08.2015. 23:10
 aikol87
Ушу бала журуп журуп мыкты ыр клип жаратта.Азаматсын.аябай жакты ,озу баардык ырлары жагат
08.08.2015. 23:16
 aikol87
Апей десе кыз кыска койногун тарткан жерин коруп кулсом,кичине балага суу бербей койгон жерин коруп ыйладым.
08.08.2015. 23:36
 Ilays
Супер! Ыр да клип да жылдын мыктысы болчудай. Данияр, Эрнест молодцы ийгилик!
09.08.2015. 00:32
 azimhan
жакшы клип экен ийгилик!
09.08.2015. 00:32
 ArGeN4iK
Жакшы клип шагымдык да не болсо да
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: