Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЕҢЕШ тобу "Жаккым келет"
03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 06-10-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Замир Казакбаевдики
Обону:Мүзүр Мамбетовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(30 добуш)
Мен сага арнаганы,
Гүлдесте тандаганы,
Баратам көңүл шайма-шай
Кыялдар орундалып,
Чуркасам жолум тарып,
Сүйлөсөк экен жайма-жай
Өзгөнү көзгө илбей,
Таманым жерге тийбей,
Баратам сага жакканы,
Алгачкы, акыркымды,
Бир келген бакытымды,
Баратам сенден тапканы.

Кайырма:
Жамгырда, жаанда калып,
Гүлдесте кармап алып,
Келе жатканын карачы.
Жылмайып койбодуң да,
Суу болгон колдоруңда,
Канча гүл даана саначы
Жөн эле койсоң болмок,
Көңүлүм ансыз тоймок,
Өзүңдү көргөнүм жетет.
Сүйүүнүн мааниси бар,
Жөн эле бере бербейт,
Гүлдүн да кадыры кетет.

Так санды болжогонмун,
Алганда ойлогонмун,
Түгөйү менен болсо деп.
Гүл берип көрбөптүрмүн,
Маанисин билбептирмин,
Сурабай алганым башка кеп.
Алдыңда билбей турам,
Гүлдү эми кантип сунам,
Ойлорум кетти чачырап.
Жетсем деп жүгүрөмүн,
Билбепмин күбүлгөнүн,
Кайчылап салчы, кайчылап.

Комментарийлер (54)

07.10.2015. 04:52
 Juke.kg89
Сөзү да,обону да баары соонун 5+5
07.10.2015. 06:23
 Nur4ik11
Нон стоптун ырлары барбы super.kg де ?
07.10.2015 09:25
PgUp
Nur4ik11, Бар экен мен угуп турам
http://www.super.kg/media/?search_term=Non+Stop&search_author=0&media_search=1&x=9&y=5
07.10.2015. 09:36
 aikol87
Обондору окшош эч озгору жок.Гулмира эжебиздин уну адаттагыдай .
07.10.2015. 17:06
 Nur9397
минустовкаларды кайдан тапсам болот аdmin?
07.10.2015 17:27
admin_media
Nur9397,
Cаламатсызбы! Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз, порталдагы минустар ушул жакта http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
07.10.2015. 20:06
 sabyr86
Аранжировка укмуш экен.Мүдүр браттын жаккым келет деген жери сонун го)
07.10.2015. 21:37
 aikow12
Рахмат сизге админ
07.10.2015. 22:52
 lenovo820
Кенеш тобу алга
07.10.2015. 23:54
 chyngyz_89
Жакшы ыр болуптур молоцы
08.10.2015. 11:31
 Paiaz
мен сонун ыр жуктодум эле кайсыл жактан корсом болот айтып койгулачы достор
08.10.2015 14:56
admin_media
Paiaz,
Саламатсызбы! "Элдик аудио" бөлүмүнө чыгат, шилтеме: http://www.super.kg/media/useraudio/
08.10.2015. 22:21
 zhumagul89
Ар чыккан ырлары ар башка мааниси менен жагымдуу,уккулуктуу.
10.10.2015. 03:08
 kalysbek.89
Музыка баткенский ваааауууу круто вапше алга кенеш тобу
10.10.2015. 21:30
 arena2014
Детский го)))
11.10.2015 16:52
sayakat
arena2014,озун детскийсин соонун эле ыр
13.10.2015. 22:51
 Umar.
Конулду которо турган ыр болуптур, чыгарманыздарга ийгилик.
15.10.2015. 04:30
 ainiriko
Алгаааааааааа
Кеңеш тобу
17.10.2015. 04:16
 kake90
Алга кенеш тобу ийгилик силерге ески суйумду уске салдьнго музуру брат
23.10.2015. 22:47
 dastan_nookat
Жакшы
27.10.2015. 20:32
 ufc123456
Жакшы ырдашкан жакшы кенеш тобу кайра жандандынар
27.10.2015. 21:33
 NurikChita
жакшы аткарышкан
29.10.2015. 00:06
 Bam95
Сонун болуптур 5555
29.10.2015. 19:52
 Sunrice
Саламатсыздарбы админ суранич сизден жар жар деген ырды ким айткан таап бергилечи. Алдын ала рахмат
27.11.2015. 20:42
 aizbek
келе жаткаанын карачы деген жери жакты,соз жок алга Кенеш тобу
30.11.2015. 12:56
 Kyke08
Алия эжеме жакты
06.12.2015. 09:11
 andarbekov97
зор
12.12.2015. 02:44
 Jaka1978
Аракети бар,аялы экоонун,
13.01.2016. 03:12
 Emilyno
кенеш тобу эч качан начар ырдабайт баары сонун кайф кылам го ырларын угуп
26.02.2016. 13:29
 AKJOL88
ото сонун
04.05.2016. 02:13
 zamir.87
Эмнеге жаны ырлары чыкпай калды ар бир ырын чыдамсыздык менен кутуп жатам
29.06.2016. 21:58
 DJ.Medet
охо хит 2016
18.10.2016. 11:25
 bakyt96_96
Ушул чыгарма мага абдан жагат да! КЕНЕШ алга!!!
23.04.2017. 18:00
 arzygulR
Жакшы чыгыптыр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо