Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЕҢЕШ тобу "Жаккым келет"
03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 06-10-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Замир Казакбаевдики
Обону:Мүзүр Мамбетовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(30 добуш)
Мен сага арнаганы,
Гүлдесте тандаганы,
Баратам көңүл шайма-шай
Кыялдар орундалып,
Чуркасам жолум тарып,
Сүйлөсөк экен жайма-жай
Өзгөнү көзгө илбей,
Таманым жерге тийбей,
Баратам сага жакканы,
Алгачкы, акыркымды,
Бир келген бакытымды,
Баратам сенден тапканы.

Кайырма:
Жамгырда, жаанда калып,
Гүлдесте кармап алып,
Келе жатканын карачы.
Жылмайып койбодуң да,
Суу болгон колдоруңда,
Канча гүл даана саначы
Жөн эле койсоң болмок,
Көңүлүм ансыз тоймок,
Өзүңдү көргөнүм жетет.
Сүйүүнүн мааниси бар,
Жөн эле бере бербейт,
Гүлдүн да кадыры кетет.

Так санды болжогонмун,
Алганда ойлогонмун,
Түгөйү менен болсо деп.
Гүл берип көрбөптүрмүн,
Маанисин билбептирмин,
Сурабай алганым башка кеп.
Алдыңда билбей турам,
Гүлдү эми кантип сунам,
Ойлорум кетти чачырап.
Жетсем деп жүгүрөмүн,
Билбепмин күбүлгөнүн,
Кайчылап салчы, кайчылап.

Комментарийлер (54)

06.10.2015. 12:55
 oma16.02.95
Как всегда супееееер))
06.10.2015. 13:04
 Love1234
сонун болуптур ийгилик сиздерге
06.10.2015. 13:34
 mega.argen
Аранжровка зыңк го
06.10.2015. 15:30
 kgmiko
Жылт соонун ыр,,,,,,,,,,,,,,,
06.10.2015. 15:45
 Eraly___
Мен куткондой ыр болуптур. Азаматсынар.
06.10.2015. 17:24
 Lachokgz
Сонун чыгыптыр
06.10.2015. 18:27
 aikow12
Сураныч Илич Бейшенбековдун "Арманым коп" ырын жуктоп койунузчу админ...
07.10.2015 09:26
admin_media
aikow12,
Саламатсызбы! Ильич Бейшенбеков - "Арманым көп" www.super.kg/media/useraudio/150423/
Комментарийлерди жашыруу
08.10.2015 14:02
metsenat
admin_media,сиздерден сураныч, "менин жылым 95,менин жашым 35"-деген дуетти кантип тапсам болот?Алдын ала чооон рахмат!
06.10.2015. 19:47
 barlas86
Саламатсызбы Admin мен жуктогон ырлар кайсы жакка кирет
07.10.2015 09:29
admin_media
barlas86,
Саламатсызбы! Сиз жүктөгөн ырлар толук келген эмес. http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
Ал эми жүктөлгөн ырлар "Элдик аудио" бөлүмүнө чыгат. http://www.super.kg/media/useraudio/Модератор admin_media түзөттү 2015-10-07 09:40:09
06.10.2015. 19:55
 akzuura
Папарапам ляляля дегени жакшыкен )))))жеңебиз чыйылдап жакшы ырдайтда)
06.10.2015. 20:22
 saparali96
Супер
06.10.2015. 22:47
 bakyt.kg
азаматсын Муке супер ыр болуптур ийгилик!
06.10.2015. 23:31
 Mars55
Норма окшош
07.10.2015. 00:21
 xake95
07.10.2015. 00:34
 bolot00
55555 азамасыздар
07.10.2015. 01:54
 iskenderov.m
Сонун ийгилик
07.10.2015. 02:27
 kara-kul89
Уга элекмин
07.10.2015. 04:08
 adikon-00
Соонун ыр болуптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо