Ильяз Абдыразаков "Амансыңбы, сүйгөнүм?"
03:29
6,37 Мб
Жүктөлгөн: 30-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Клара Умаралиеваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(57 добуш)
Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын,
Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы.
Эркелетип, карегиңе толбосом да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кечир эми жалыныпмын таңым, багым,
Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын.
Эркелетип эриниңден өппөсөм да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.

Кайырма:
Амансыңбы, сүйгөнүм?
Ачуу жашым, күйгөнүм.
Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн.
Мейли сүйбө менчелик,
Түшүнөрсүң кез келип,
Бирге өткөн күндөрдү эскерип.

Ичте калсын арманым да , махабатым,
Издерибиз өткөн эми санаалашым.
Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү
Ыраазымын бир өзүмү жазаласын.
Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен,
Бактысыздык далай сени эзди билем.
Акым дагы калбагандай сагынууга,
Айыбымды тан алганым кечтигинен.

Комментарийлер (63)

30.11.2015. 17:08
 Mars55
Начар жакбады?
30.11.2015. 17:16
 Daiza
Жаңы хит! Сонун ыр экен. Озумдун плейлистиме кошулду сразу))) Ийгилик, клипти катыра тартыш керек эми
30.11.2015. 17:18
 esimde
Эркелетип эриниңден өппөсөм да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
дейт го чиркин...
30.11.2015. 17:19
 Chupakabra
Оооу! Сонун жазылыптыр, аябай жакты. Ильяз, азаматсын!
30.11.2015. 17:26
 Aichoy
Аманмын,аманмын! Албетте эскеребиз!
30.11.2015. 17:43
 missO
жарайт) иштей бер!
30.11.2015. 18:18
 dastan_nookat
Болот эн мыкты!!
30.11.2015. 20:08
 Bolya8892
Негедир озгочо ыр болуптур. Талантын ташкындай берсин ылайым! Уй булоно тынчтык жана бакыт тилейм!
30.11.2015. 21:21
 rakel
Ыйлаба суранам. Ким экен ал? Кимдин кызы?
30.11.2015. 22:14
 kubaku
Sonun yr eken...
30.11.2015. 23:14
 mister.isa
Сонун ыр...класс...!
30.11.2015. 23:26
 Mani.kg.
Ыр зынк чыгыптыр.Жакты мага.Ушундай ырлардан кутом.
01.12.2015. 00:02
 Jigit1992
Азаматсын соонун болуптур
01.12.2015. 00:10
 azamat2015
Супер!эн мыкты!зынк!
01.12.2015. 00:57
 karona
Ильяздын ырлары хит болот мага жакты
01.12.2015. 01:30
 aibek0001
Оо жаны хит жаралдыго класс ыр.
01.12.2015. 02:29
 joysin777
мынча сонун ырдаган копко чейин угабызго эми мурунку ырларындай журоктон ырдалган
01.12.2015. 05:53
 FCMUKG
Эн соонун ыр. Админ Минусовкасын таап бере аласынарбы? Сураныч
01.12.2015 16:55
admin_media
FCMUKG,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз.
01.12.2015. 08:38
 Atabaev.kg.su
Урматту супер инфо жаматты оздук аудиге мрз жуктодум бул жака кантип жуктосом болот
01.12.2015 16:55
admin_media
Atabaev.kg.su,
Саламатсызбы! Сиз жүктөгөн аудиолор "Элдик аудио" бөлүмүнө чыгат. http://www.super.kg/media/useraudio/155751/
01.12.2015. 09:02
 Mariyana
Ильяз чыгармачылык ийгилик!...Салам супер инфо жамааты.Бир суроом бар болчу сиздерге ...быйылкы жылдын эсебинен супер концерт болбойбу??? жообун кутомун..алдын ала рахмат.
01.12.2015. 10:33
 beben
Мага жакты . Жакшы
01.12.2015. 14:16
 aikowa.aikado
ильяз молодец..... менин суйгон ырчым.
01.12.2015. 14:43
 nurzada1992
Мен учун эле жазылгандай (((
01.12.2015. 16:27
 erjan_barsa
Moldes ilyaz tak derjat jogolup ketiple bir maalda sooonun yr 4ygaryp koet da
01.12.2015. 16:50
 rakel
Ильязга боорум ооруп кетти
01.12.2015. 18:34
 Manaskg.1
Ырдын мааниси жок и музыкасы начар болуп жарашбай калыптыр мен дайыма угат элем Ильяздын ырларын жаль просто. Эмне болуп жатат иним сага
01.12.2015. 21:31
 Flander
Начар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо