Азиза, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова "Шат күндөр"
03:49
5,24 Мб
Жүктөлгөн: 23-12-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону:Сулайман Рыспаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.42/5
(12 добуш)
Сурасан бербес, качырсаң келбес,
Тирүүлүк чиркин бир келет.
Ак шоокум бал-бал,
Апапак таңдар, ар күнкү асыл бир белек
Капаңды айдап, жаз болуп жайнап,
Жаңырсаң мукам музыка.
Керемет дүйнө, чакырып бийге,
Күндөргө биздин шаң берет.

Жадырап жаздай, жаман сөз айтпай,
Жайдары ойноп күлөлү
Жарк эткен күндөй, капалык билбей,
Жашоону жаркын сүйөлү.
Ырыскы чачып, ыроолоп бакыт,
Ынтымак бизден кетпесин.
Табышмак сымал, таркабай кумар,
Өмүрдүн баркын билели.
Көңүлдүн баркын билели

Ак таңдар жанган, ар күнү майрам,
Эшигин ачып эл күтөт.
Булбул кош сайрап, дасторкон жайнап,
Жакшы сөз жанды эргитет.
Толпуруп болбой толкуган көлдөй,
Пейилдер кенен жашайлы,
Ар дайым даяр, апамдай аяр,
Мээримиң көңүл сергитет.

Кайырма:

Өтсө да өмүр, калтырбай көңүл.
Сыйлашып барктап жүрөлү.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк
Бир тууган таза жүрөгү.
Дем берип деми, кыйбаган сени
Кадырын билгин досуңдун.
Өткөрүп алба, өкүнүп калба.
Баалаган куунак өмүрдү

Кайырма:

Комментарийлер (32)

23.12.2015. 18:46
 Kgstar96
Оооххуууу жыргап танса тебебиз келгиле достоооор
23.12.2015. 22:12
 aitowa11
Роза эженин уну озгочо да.
24.12.2015. 02:46
 Eseke2013
555555+
24.12.2015. 08:46
 maksat2016
Оуу мана жакты Азиза Айнура Роза ийгилик Алга
25.12.2015. 02:29
 nurshoola
Роза шакированын эски досторго деген ырын минус жуктоп коюнуздарчы сураныч
31.12.2015. 19:35
 Maks_sharshenaliev15
5555
21.01.2016. 18:44
 Samarbek1
Укмуш
04.02.2016. 11:50
 marty77
Айнура Салахидинованын уну такыр жакпайт. Мурду менен ырдайт. Мунун ордуна Назмини кошуп алса сонун болмок.
08.04.2016 11:11
beka1979
marty77, Айнура соонун ырдайт, мага жагат. Учоо бири бирин толуктап турат. Айнура топтун коркун ачып турат, Назми ким ал?
05.02.2016. 04:50
 Ryskulova
Сонун ыр,Айнуранын уну жакшылего. Бир жерден "Каныкей жакпайт,мурду мн ырдайт"деп окугам бирок коп ийгиликтерди жаратты,Айнура С.га ийгилик
08.04.2016. 11:12
 beka1979
Ырга келсек соз жок, соонун! Конулдуу экен.
08.04.2016. 11:16
 4aidai
Оо супер
07.06.2016. 15:58
 sardar1
Песня позитивная но не много старомодная. Из всех трех певиц мне больше нравится Айнура. Удачи вам!
10.09.2016. 12:29
 98.doni
Урматтуу админ,Жоодарбешим менен Кызсайкалдын тунук суйуу деген ырын жуктоп койгулачы? СУРАНЫЧ
10.10.2016. 13:25
 AF0189
Сонун+5
23.10.2016. 21:25
 Alixan-Nookat.2015
5+
24.10.2016. 22:01
 Salman.eldar
Роза эже азаматсыз!!! Унунузго береке, занкылдап сиздин эле унунуз угулат, чыгарманызга ийгилик!
08.11.2016. 23:50
 Begimkyz
Мага абдан жакты ушул ыр. Буюрса жакшылык кундорго чакырып турабыз. Бийлегендери да сонун жарашкан! Айнура эже скромная, Роза эже тытат го бийди.
08.11.2016. 23:59
 nabi89
Азиза жагатта мага ох ох
12.11.2016. 22:54
 Begimkyz
текстин жазып койгулачы сураныч!!!
16.11.2016. 15:12
 dina_nina
Учоо тен жагат мага. Ыр соонун, клипи да жакты. А.Салахидинова жашарып кетиптир го.
21.11.2016. 17:25
 casperr
Кобу мектепте 2 ге окуп деле ырчы болуп кетишет))
26.11.2016. 12:20
 Su.Zeyd_89
Азизаны суйом го суйом. Баардык ырлары жагат.
07.12.2016. 15:24
 Nuraika00
Ийгилик сиздерге эжекелер!
10.02.2017. 14:39
 salta1988
абдан сооонун ыр, жакшы ырдашкан ийгилик силеге!!! сураныч минусовкасын жуктоп койсонуздар.Алдын ала рахмат
08.04.2017. 10:28
 Appaz4ik
Супер роза эже ийгилик
13.05.2017. 12:13
 Almazbek1980kg.
Азиза Айнура Роза классташтар ырын жуктоп койгулачы рахмат.
23.05.2017. 14:20
 salta1988
эн соонун ырдашат ушул эжекелерим мумкун болсо классташтар деген ырын жуктоп койсонор
15.06.2017. 19:51
 ernis-osh
Рахмат силерге эн сонун...
02.10.2017. 15:13
 koshterek
Suiomgo suiom baaryn
20.03.2018. 00:56
 aku91
Ырларынарды суйуп угам.Ар дайым алдыда журо бергиле.Унунорго береке.Уй булоолук бакыт каалайм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо