Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Съездбек Искеналиев "Жубайыма"
Жанр:Поп
00:03:46
58,62 Мб
Жүктөлгөн: 11-07-2016


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Бул дүйнөм, бул өмүрүм сени менен го,
Ырысым, ырыскым да сени менен го.
Күлкүсү балдарымдын сени менен го,
Бактылуу көз ирмемдер сени менен го.

Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.

Жашаймын күлүп турган көздөрүӊ менен,
Жашаймын сүйөм деген, сөздөрүӊ менен.
Жадабай миӊ ырахмат айтсам да аз го,
Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген.

Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.

Күндөрү жаштыгымдын сени менен го,
Жашоонун жакшылыгы сени менен го.
Бактысы балдарымдын сени менен го,
Бул дүйнө, бул өмүрүм сени менен го.

Кайырма:
  • Currently 4.43/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (33)

11.07.2016. 19:29
 Tahisha
Урааа! Мен куткон клип чыкты. Рахмат супер инфо!
11.07.2016. 22:16
 Angel92
Эн сонун!Баардык тугойлорго бакыт!
11.07.2016. 23:33
 Mikella
Анжелика куйоосу экоо эмнеле секире беришкен ХХХ болушуп. Калп жылмайып эээккк ушуну кошпойле койсо болмок. А так соонун клип,жубайы аябай жылдыздуу экен. Экоонун взглядычы ииий бир керемет. Бактылуу болгула!Модератор admin_media түзөттү 2016-07-12 09:36:30
12.07.2016 10:02
admin_media
Mikella, кимдир бирөөнү кемсинтип,мазактоого тыюу салынат!
12.07.2016. 09:14
 missO
Анжелика менен куйоосу клипти бузуп салышыптыр!!!
12.07.2016. 10:51
 Nazgul91
Урмат менен Неля сонун чыгыптыр
12.07.2016. 17:10
 ayper
Жубайы татынакай экен бактылуу болушсун.
13.07.2016. 02:55
 padysha
Anjelika dele uialsa bolmok 4akyrgan jerge ele tak sekirip bara kalbai,ozunun kadyr barkyn ketirbei.Ozuno ayabai eldin konulun burdurgusu kelet,araket kylat.4egi menen bolso jakshy bolmok.
17.07.2016 09:47
mishonia8077
padysha,Апей,чакырса барат да,барбай койсо Сьездбек таарынып калбайбы бул эмне тенине албайтабы деп.
13.07.2016. 09:24
 Oi_pikir
Съездбектин жубайы баарынан татына, жылдыздуу экен!
13.07.2016. 12:21
 noeli
Замир Арыкбаевдин аялы ак байпак кийип алганбы??
13.07.2016. 13:08
 leilek_suluktu
Иша кылса баары сулууда.Неля эрип калыптыр оозу кулагыда
13.07.2016. 17:44
 Targarien
Noeli, ошону байкадынбы?
13.07.2016. 22:01
 sezim_osmonalieva111
Татынакай экен жубайы,Неля и Урмат да сонун чыгыптыр.Анжелика мн Урматтын чыкканы мага да жакпады))))
15.07.2016. 14:12
 batma5
Эмнеси жакпады Анжеликанын. Коро албастар
15.07.2016. 14:14
 batma5
Баардыгы оз озуно жарашкан эле жубайлар экен
15.07.2016. 18:51
 AIZANURA
Клип жакшы болуптур,Бек борбиев ырдап жургондо эле аябай жакчу.
15.07.2016. 20:40
 altynbubu
Сонун клип болуптур!!! Ылайым баш кошкондор бактылуу болушсун!!!
17.07.2016. 02:10
 mishonia8077
Молча завидуйте Анжеликага.Неля деле секирип атат го.Баары тен сулуу.
17.07.2016. 05:02
 ayva
Бек байкебиздин ырдаганына жетпейткен...
Клипке келсек аракети аз,жылдыздар тартылганы мн супсагыраак.
Коментке келсек биздин кыргыздарга эч нерсе жакпайт.эки экиден ушактатып сынаттырып эле койсо,озубузду кузгудон карабай бироону сынай беребиз.
18.07.2016. 07:13
 teletz-1987
Клип жакшы тартылган, бирок Бек байкенин ритмине конуп калгандыктан, Съездбек супсак, хреново эле ырдаптыр. Балким башка ырчы аранжировкасын майын чыгара ырдамак.
18.07.2016. 16:56
 syrgajan
Эң жакшы.Жубайы жылдыздуу экен.
20.07.2016. 10:18
 aikol87
Баары жарашыктуу таттуу тугойлор ,бактылуу болгула.соонун чыгыптыр.
20.07.2016. 17:20
 operaledi
Анжелика жолдошу менен клипке корк кошушкан! Баардык тугойлор жакшынакай!
23.07.2016. 00:14
 Aselya_9105
Эмне эле Анжелика менен жолдошуна жабышып калдыңар түшүнбөйм да. Сопсонун эле тартылышкан жана чындыгында көрк берген. Бул жакта бактылуу үй-бүлөөлөрдүн символу болгон жубайларды үлгү катары тарткан Съездбек байкеге ыраазычылык. Баардык жубайларга үй-бүлөөлүк бакыт, кармашкан колуңар үзүлбөсүн.
09.08.2016. 14:33
 Ellis80
Эн соонун клип болуптур, лишний эч нерсе жок, бактылуу, таттуу тугойлор тартылган баардыгына бакыт кармашкан колдору бекем болсун.
29.09.2016. 17:20
 Fari-Zat
Барынан Да Замир Арыкбаев мн жубайы жакты.жанынан коргум келет интервью алса вообще сонун болмок.
02.10.2016. 18:02
 anya
Азыркы ырчылар клиптерине бири-бирин тартмай модабы же идея жокпу мен ушуга тушунбой жатам ?
02.10.2016. 18:03
 anya
Ушу башка ырчылардын клиптеринен Анжеликаны корсом эле жиним келе берет .
13.11.2016. 13:43
 Nasipov.97
Абдан жакшы клип болуптур.Ыры дагы сонун.Ушул ырды Ибрагим Жунусов ырдаганын уккам.Абдан жакшы ыр.Илгерки ырларды жанылап чыккан экен.
16.11.2016. 11:09
 bela77
Клип кооз тартылыптыр.Бирок ырдагынана 3 деген баа койдум. Клиптин сюжетине курч окуя кошуп тартса коркуно чыкмак беле.
14.10.2017. 17:01
 Elya7186
Супер клип болуптур, жалан бактылуу уй булолор топтолуптур Урмат&Неля Урмат&Анжелика Замир Арыкбаев жубайы менен Съездбек ж.б молодцы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: