Турдакун Ниязалиев "Апама"
04:14
6,76 Мб
Жүктөлгөн: 26-07-2016
Жанр: Поп
Сөзү:А.Туткучевдики
Обону:А.Туткучевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(14 добуш)
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым далай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим самап,
Күттүң го жолум карап,
Кең жайып тасмалыңды.

Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка-бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе да,
Алмашпайм эч ким менен.

Байтерек карааныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.

Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке, кантип актайм,
Ак сүтүң эмгенимди?
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.

Комментарийлер (41)

27.07.2016. 10:45
 Adyl84kg
Супер супер супер супер супер!!!
27.07.2016. 10:58
 kubanychjur
Эң мыкты сөз жок, апаларыбыз ар дайым бар болсун. Сизге чыгармачылык ийгилик, дагы хит ырларды күтөбуз...
27.07.2016. 12:06
 asel96
Сооонуууун ырдапсыз гоо
27.07.2016. 12:56
 kama_future_millioner
Жакшы ыр экен рахмат сизге апаларыбыз аман болсун
27.07.2016. 14:19
 Uhtishka.
Эс алдым угуп ,соонун.
27.07.2016. 14:47
 Meerinsa
Бул ыр менин кайненеме арналып калыптыр.
27.07.2016. 15:27
 Sarana
Керемет ыр!
27.07.2016. 15:28
 Sarana
Менин апама арналгандай!
12.08.2016 11:27
syrgajan
Эң мыкты
27.07.2016. 23:27
 arman00
жакшы чыгыптыр
27.07.2016. 23:42
 Alexus
Ырдын автору кучту экенда ыр сонун.!!!
27.07.2016. 23:51
 Mile
Аалы Туткучев азамат. Турдакун ырга корк берип аткарыптыр. Эн сонун.
28.07.2016. 01:31
 Targarien
Аябай сонун ыр экен Болгону бул ырда апа деген соз аз экен Созсуз клип кутобуз
28.07.2016. 03:49
 EROKKI-84
Жакшы чыгыптыр
28.07.2016. 11:17
 barsbek88
Админ алтыным качан жолугам кармагым келет колундан кутулар кунум бар бекен кусалык деген оорудан деген ырды таап бергилечи пожалуйста
28.07.2016 11:23
admin_media
barsbek88,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/useraudio/146936/
28.07.2016. 16:45
 Luna95
Админ болом сизге шам деген чыгарманы жүктөм койуңуздарчы
29.07.2016 10:33
admin_media
Luna95,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/?search_term=болом+шам&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
28.07.2016. 21:51
 Nur Abdulaziz
Өтө мыкты ыр болуптур,апалар ар дайым аман болсун.Элди ар дайым жакшылыкка чакырган ырларыңыз көбөйө берсин,Турдакун мырза!"Компот деп ушуну айт" деп айтмакчы,ыр деп ушуну айт)))
Сизден бул ырыңызга мыкты клип күтөбүз!
28.07.2016. 23:10
 angel-dina
Админ Чолпон Камчыбекованын Сага деген ырын жуктоп койунузчу сураныч
29.07.2016 11:18
MEDIA-P
angel-dina, http://www.super.kg/media/useraudio/138623/
29.07.2016. 00:21
 club_kg
admin_media Назгул Токтакунованын ырларын кошуп койгулачы эртерээк сураныч.
29.07.2016. 01:49
 Talant.K
Жаш Кыял тобунун Айдана айдана деген ырын жуктоп койгулачы сураныч.
29.07.2016 11:20
admin_media
Talant.K, club_kg,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды эске алабыз, рахмат!
29.07.2016. 06:45
 kalima88
Эне ж.до ырларды эч уккум келбейт ... Чыдай албай кетем , каерде болсом да эч нерсеге карабай ыйлайм ...Коптон бери уга элек элем, ушул ырды уктум. Алтын апалар , аман болгула ! Бироонун апасын болсо да кучактагым келип кетти.
29.07.2016. 18:54
 adikon-00
oto jakahy muzyka
29.07.2016. 19:03
 azim2
Сонун ыр болуптур. Чыгармачылык ийгилик.
30.07.2016. 14:26
 aitowa11
Роза Шкированын ырдаганына жетпейт
30.07.2016. 14:29
 milashka.98
Abdan soonun ur
31.07.2016. 00:31
 sultanna_kg
Админ саламатсыздарбы? С.Садыралиевдин жаны ырын жуктоп коюнуздарчы суранам. Суйуум учун куноолуу эмесмин деген создору бар экен. Жагып калды. Кутоооом....
31.07.2016. 12:14
 shabdan_osh
Соз жок, аябай сонун
02.08.2016. 12:13
 guli010789
Соонун ыр!Аткаруучу мыкты адам мыкты эр экен! байкуш апамды эстеп ыйлап алдым!Энелер аман болунуздар!
05.08.2016. 15:24
 usta_kg
эн сонун ыр болуптур, дагы дагы жакшы ырларды кутобуз, Энелерибизге узун омур берсин, ден-соолуктары чын болсун
14.07.2017. 12:05
 kyrgyzka7
Сонун ыр экен...
07.07.2019. 01:49
 Feiza1982
Соонун чыгарма экен апаларыбыз аман болушсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо