Турдакун Ниязалиев "Апама"
04:14
6,76 Мб
Жүктөлгөн: 26-07-2016
Жанр: Поп
Сөзү:А.Туткучевдики
Обону:А.Туткучевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(14 добуш)
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым далай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим самап,
Күттүң го жолум карап,
Кең жайып тасмалыңды.

Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка-бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе да,
Алмашпайм эч ким менен.

Байтерек карааныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.

Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке, кантип актайм,
Ак сүтүң эмгенимди?
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.

Комментарийлер (41)

26.07.2016. 17:28
 Alisher
Kanday soonun ir boluptar ATA ENELERIBIZ aman bolsun....
26.07.2016. 19:37
 altyn2015
Сооонун! Апалар аман болсун!
26.07.2016. 21:59
 Bodibilding
Азаматсыз соонун ыр болуптур.
26.07.2016. 23:52
 nuri.kg777
Аябай жакшы ыр экен. Ата-энелеризби аман болушсун.
27.07.2016. 04:58
 ayva
Эх Турдакун мени ыйлаттын го бул ырын менен.Апаларыбыз баарыбыздын аман болушсун.
27.07.2016. 07:43
 dastan_nookat
Апалар ар дайым ден-соолукта болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо