Өктөм Сапар уулу "Жолдор башка"
Жанр:Поп
00:03:22
55,13 Мб
Жүктөлгөн: 03-09-2010


Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Өктөм Сапар уулунуку

Өкүнүчтөн өзүмдөн өзүм кыйналдым,
Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың.
Жалган сенин жасалма айткан ал сөздөрүң,
Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым.

Кайырма:
Аттиң арман, мага салган,
Маңдайыма жазганы жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.


Чыйрыгамын махабатымдан айрылып,
Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып.
Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң сен кай жакка?
Өкүнөмүн, өкүнгүм келбейт го кайрылып.

Кайырма:
Аттиң арман, мага салган,
Маңдайыма жазганың жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.


Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм,
Сенсиз бирок өкүнбөйм.
Аттиң арман, жазганы жалган,
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан
  • Currently 4.17/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

03.09.2010. 16:58
 samat
Ыры жакшы экен!
03.09.2010. 21:15
 Demon
клипке тушунгон жокмун, шакек кантип тагылып калды? кыз жигити менен урушкандан кийин бут кийимдердин арасында не кылып журду? жигити нары жакта кимди кутуп аткан эле? анан кыз чуркап барып эле таппай калып шакегин кармап отуруп калды ... бу не дегенинер? уффф тушунуксууууз
03.09.2010. 21:45
 MARAL
Клип типа Ильяздын "Азап"-деген клибинин копиясы болуп калыптыр....Эгер созу Алтынбек Алымов жазса анда оранжировка да Ильяздыкы.....Азапка окшош кылып жасаган...Азап-ыры бир ильхам келгенде жазылган....ал эми калган 2 кундук ырчылар .....ошондой популярдуу болом десенер жанылыш
03.09.2010. 22:25
 sunny
Tuura aitasyn Maral, men da "azapka" okshosh bolgonun baikadym.
04.09.2010. 04:47
 Arstan
Мага анча жаккан жок,ырчыле кобойуп кетиптир го.
04.09.2010. 13:51
 Demon
туугандар клиптин не деген мааниси бар экен тушундунорбу силер? мен тушунбой койдум 3 жолу корсом да ... тушундуруп берер жан барбы?
04.09.2010. 14:12
 Terner
ураааааа, мен тушундум...
кыз озу негизи уже турмушка чыккан...уйдон тартылган жакта ал озунун жолдошу менен урушуп жатат, ал бала негизги геройго окшош болгондуктан биз тушунбой атыптырбыз...анан баарибир тиги баланы жакшы коруп, аягында чуркап барып жетишпей калды...ат
04.09.2010. 18:56
 Tokmok
Terner----Tuura aitasyn, baldardyn pricheskalary okshosh bolup kalyptyr.Kuiyosu menen urushup,parkka kelip iyilap oturganda tigi jigit m/n taanyshyp,al ekoo jakshy bolup, aiyagy suiuu bolup ketiptir.
Yrchynyn unu dele jok eken,Iliyaz ozu yrdasa balkim jakshy bolmok.....
04.09.2010. 20:01
 lider-kg
оо октом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: