Добр "Тагдыр"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:55
58,29 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2009


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Кайырма:
Арманда калган бала, балада болгон санаа,
Тагдыр тайкысын кара, жок эми кылар арга.
Көзүнө жаш алып, кусалыкка батып,
Жаш бала, жаш бала.


Темселеп, тегеренип көчөнүн караңгы түнүндө,
Тепселеп, көрүнгөн жерди бала үйүнө көрүнбөй.
Кечир ата, кечир апа, чыгып кеткениме үйдөн,
Тажадым апоо, мас атамдын сүрүнөн.
Түгөнбөй жатат жолум, кайда алпарарын билбейм,
Ай жарык түнү жолум, упузун, килтейген.
Жетелеп алып колумдан экөөңөрдүн ордуңарга,
Өңөрүп алгансып тагдыр келечегимди жонуна.
Бала кетип бара жатат, арканы карабай түндө,
Улам эстеп атасынын арак ичип жатканын үйдө.
Баргысы келбей үйүнө, көрүнгөн жерде түнөдү,
Үргүлөп, илинип көзү, бир маалда үйүн түш көрдү.
Көрдү апасын түшүндө, өзү менен төркү үйүндө,
Отурганын чай ичип экөө, дасторкон үстүндө.
Жылуу төшөгүн жамынып, уйкуга баткан маалда,
Эшик ачылды, атам кирип келди мас абалда.

Кайырма:
Арманда калган бала, балада болгон санаа,
Тагдыр тайкысын кара, жок эми кылар арга.
Көзүнө жаш алып, кусалыкка батып,
Жаш бала, жаш бала.


Апамдын ооруганы аз келгенсип, ага асылды,
Көрүнгөн нерсенин баары ырыскы менен чачылды.
Ызы-чуу кайнап турган кези, кыйкырык бөлмөдө,
Колумдан келбеди колунан тартып бөлгөнгө.
Баланы арыны көздөй жулмалап түртүп салды,
Чалынып барып бала дубалга жабышып калды.
Карачы жашоону, арак адамды эмне кылганын?
Атам түшүнбөй калды кантип ага кабылганын.
Ошонун айынан бала жүрөт көчөдө темселеп,
Келечек менен бактысын жер менен кошо тепселеп.
Кез келет, баары токтойт дегенге ишенбей калды,
Апасы менен баласы үмүтүн үзүп салды.
Сагындым сени атоо, ичпеген соо кезиңди,
Көздөрүндөгү жашынан кусалыгы сезилди.
Баланын жүрөгүндө бир гана шам күйүп турду,
Үйгө караганда көчө тынчыраак болуп угулду.

Кайырма:
  • Currently 4.90/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

14.04.2009. 17:09
 moi lev
Журокту эзген ыр болуптур. Кичинекей бала жакшы ойноптур.
14.04.2009. 17:34
 leila
жакшы ыр экен, клип тоже кичикий бала аябай ыйлаптыр го...
14.04.2009. 17:51
 DaniMiX
жашоодон алынгандай чындык чагылдырылыптыр, жакшы клип экен!!!
14.04.2009. 18:12
 Русланчик
Жакшы ыр жана жакшы клип болуптур!!! Биздин кыргыздардын тагдырыбыздан алынган клип экен!!!
Удачи в дальнейшем ДОБР!!! Атыңа затың жарашкандай бол!!!
14.04.2009. 19:10
 kaskadior
добрдун ырларын угуп туруп жащоону жакшы тушунгон балдардай елестеттим.
14.04.2009. 19:21
 Mile
Кыздын уну жагымдуу экен.Журок зыркырайт го бул клипти корсон.
14.04.2009. 23:42
 Rahatik
Krasav4ik Adi
15.04.2009. 11:28
 Кука
Азаматсынар,силерге албан албан ийгилик.Клип менен ыр эн мыкты.
16.04.2009. 03:39
 Jizusa
kozymdon ja6 bolboi ele agyp ketti, klip jak6y mazmunu da, Dobr men bygyndon ba6tap senin fanatkanmyn
16.04.2009. 05:18
 venus
bul klipti evropeezterdin ajaldari ,baldari korso tushunboj kalat.ANtkeni alarda teskerisin4e ajli kujoosun sabap kojot kerek bolso...Bisdin bajkush namiskoj apalaribis baardigina 4idap jashap kelgen...
Kliptegi balani 4in ele sabap turup eshike kuup jibergensiner go,bajlush ajabaj ijlaptir...Artisterde da antip ijlaj albajt.
16.04.2009. 11:01
 ИнА
ийгилик досум сага!!! эми ушул клипти коруп жаман жолдо адашып жургон жердештерибиз онолсо экен деген тилек кылалы ....
16.04.2009. 14:28
 qwerty
идея клипа банальная, но очень глобальная в наше время...
не для сентиментальных людей...
а так эту песню без клипа я бы не послушала бы...
16.04.2009. 15:35
 esperansa
=)molodec DOBR....abdan jakshy
17.04.2009. 10:40
 mik
Болот.
18.04.2009. 17:37
 romantik
abdan jakshy boluptyr,falsh degen nerse jok eken
Iigilik!!!
18.04.2009. 17:37
 romantik
abdan jakshy boluptyr,falsh degen nerse jok eken
Iigilik!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: