Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Айдин Шер "Кыргызым"
Жанр:Поп
00:03:25
69,72 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2010


Сөзү:С. Бейшекеевдики
Обону:С. Бейшекеевдики

Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.

Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.

Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.

Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.

Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.

Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай сени менен.
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (49)

27.10.2010. 10:25
 Nura
Эн сонун!! Айдин абдан соун ырдагансын! С.Бейшекеевден коптон бери бул ырды уга элек болчубуз,Азаматсын!
27.10.2010. 10:44
 inna
Molodec!!!! ushularga okshogon patriottor koboyo bersin !!!!;)
27.10.2010. 13:43
 Нукура кыргызка
молодец,прям ыйлап жибердим..Кыргыз калкымды Кйдайым озу колдосун...
27.10.2010. 16:09
 akusya
жаратканым жараткандарына:
ыйман, ырыс, тынчылык, берекесин берсин!!!
Ар бир момун озунун парзын билсе экен!!!
27.10.2010. 16:17
 URB KG
Менимче Сыймыктын аткаруусундагысы жакшыраак болушу керек эле. Сураныч создорун да чыгарып койгулачы кошулуп ырдагым келип кетти.

27.10.2010. 17:33
 Bayseyit
жашы патриоттук ыр
27.10.2010. 19:34
 angelin Bema
Азамат!Мыкты аткарылган,жакшы ыр экен.
27.10.2010. 22:26
 Bayseyit
журоко тийген ыр эекен. угуп жатканда мекенинди ойлоп ыйлагын келет экен
28.10.2010. 01:10
 Uzgen Jigit
Кан тамырды аралап журоко жетчу ыр экен.
Оо аллах чексиз ыраазымын сага мени кыргыз кылып жаратканына.
28.10.2010. 03:35
 Aelina
Abdan jakshi yr eken. jakshi dagi atkariptir berilip. Klip dagi jakshi eken. Molodets!!!
28.10.2010. 13:09
 sanajet
Эн сонун!!!!!Браво Сыймык,Айдин!!!!Чынында козумдон жаш тегеренди,"Ыйлаба кыргызым.....азап кундон алып чыгат буюрса уул кызын!!!"
28.10.2010. 14:01
 Assel
Buyrusa baary aldyda!!! Kylymdy karytkan KYRGYZ, bul koundordu da JENEBIZ!!! bizge bir gana BIRIMDIK kerek!!!
28.10.2010. 15:34
 ayza
Siymik baykeden da jakshi atkaram dep oylogon go...
28.10.2010. 19:09
 Kulak
Бул ырды үнү назиктер ырдаса болбой калат экен. Тата Улан сыяктуулар ырдаса адамдын адреналинин башке жеткире
29.10.2010. 03:58
 Arstan
Кыргызым,Кыргыз элим тынч болсо экен,ырды уксан сагынычын кучойт экен,абдн жакшы ыр экен,клипда сонун,Кудайым буйурса келечек алдыда,бул кундор да отот,баары жакшы болот деп Кудайдан тилеп келем.Азаматсын Айдин.
29.10.2010. 16:43
 honey
Жакшы ыр экен. Аябай ойго салчу ыр болуптур.
01.11.2010. 09:38
 frag
klasna9 pesn9!!! Molodec.
01.11.2010. 22:15
 ruor
Айдин красавчик бар бол дайыма!!!
02.11.2010. 02:08
 OAN
Сыймык байке ырдаганда эзилип укчумун а Айдин эргул бузуп салыптыр буткучо кускум келип кетти!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: