Гүлнур Сатылганова "Угуп кой"
Жанр:Поп
00:03:17
50,86 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2010


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Р. Бейшеналиваныкы

Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.

Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.

Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.
Кайырма:
  • Currently 3.87/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (68)

21.12.2010. 08:44
 eminem
gulnur ege maga abdan jagat da..irlarinin baari jagat..
21.12.2010. 09:29
 MirlanRaimkulov
iri jakshi birok hit emes!
22.12.2010. 03:47
 cosmopolit
кечирип койгула...бирок даркыраганы жакпайт...
22.12.2010. 03:48
 cosmopolit
муну уксан тун уйкун вообще качып кетет го...
22.12.2010. 15:47
 D.DROGBA
Гулнур Сатылганованын ырлары менен мен чоңойгом! Кыргызстандын Алтын үнү деп эсептейм!
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир өзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда
25.12.2010. 18:35
 Gizko01
укан сайын журогум сыздап баратат
25.12.2010. 20:38
 aichurek
Гулнур эже вы супер!
26.12.2010. 10:47
 KRASAVCHIK
молодец!!!!!!!!!
27.12.2010. 02:57
 meerime
Gulnur ejenin yrlary klipteri en orginaluu bolot ar d aiym.Bul klip da orginalduu boluptur.Azmatsyz .Men syilagan yrchylardyn biri.
27.12.2010. 02:58
 meerime
Klip menen yr dal kelgen maga aiabai jakty.
27.12.2010. 08:42
 lira
Ehh, kanday sonyn yr!!!
28.12.2010. 09:00
 gnomik
Керемет экен угуп кой санага батканда! Гулнур эжеге чыгармачылык ийгилик каалайм Талантыныз менен кыргыз элин суйунто бериниз!
30.12.2010. 18:01
 asselimm
Гульнур Сатылганова просто суперсиз!!! Унунуз очпосун! Кандай унунуз кучтуу, таза, бийик!!! Кандай куч, дем берет адамга. сиздин ырларыныз менен жашап келем! Сиз профессионал ырчысыз! Алга!!!
31.12.2010. 21:53
 Donchiki
Сонун болуптур. Алга Гулнур эже!!!
08.01.2011. 01:33
 lira16
Как всегда Super!
11.01.2011. 01:09
 alikbek
почему у меня не проигрывается не в одном проигрывателе? У меня кодеки все обновлены. Проигрывает все форматы кроме ваших flv.Бред какой то.
15.01.2011. 20:32
 Aijarkun
Кыялбек Урманбетовко чон рахмат созун сонун жазыптыр, калеминиз курчуй берсин
15.01.2011. 21:56
 jaku
как я обожаю ее голос и пахвала криативной группе которые создали этот клип
03.03.2011. 22:32
 Kindersurpriz
Примадонна отдыхает рядом с Вами!!!
16.03.2011. 02:38
 Taalaichik
Гульнур когда вы поете эту песню, представляешь что эту песню, поете только для меня, она проникает в сердце и заставляет думать о истинных и глубоких чувствах, спасибо вам за хорошие и настоящие песни,...

29.05.2011. 12:10
 TUMAN
ушул аркасы жашоого кайтып келдим
13.06.2011. 08:56
 ayku
Супер!!! Гульнур эже азаматсыз!!!!
22.06.2011. 14:25
 AKJOLTOI
Угалы бул ырды сагынып
Улуу бир сезиге багынып
Учуруп кыялды ааламга
Ушул ыр турса экен жанырып!
(азаматсыз Гулнур эже бар болунуз)!
02.10.2011. 01:43
 anjelei
угуп эс аласын. Гулнур эжеде чыныгы талант, ун бар. Таазим сизге. Ар бир ырын журогу менен берилип ырдайт да.
21.03.2012. 03:16
 Kvebek
Respect!!!Talantynyzga taazim!Ech kachan toktobonuz
20.06.2012. 07:11
 Aidashiwa
Tun uikum kachyp, sanaaga batyp turgan kezime soundtrack..... Gulnur eje, rahmat!!!! Chygarmachylygynyzdy teren baalaim
23.07.2012. 00:14
 RespecT
gulnur eje talantynyzga taazim yr jakshy kartaibai ele koiunuzghu))))
30.06.2013. 00:43
 IMALI_kg
SOZ JOK birok klipte tizesin a4yp olturuusu awa 4aap ketiptir
22.07.2013. 01:59
 tokmok1
бутун жаап эле отурса болмок
03.09.2017. 00:28
 iman34
Эн соонун чыгарма .Акын менен обончунун оюн даана Берген.Ар дайым журогу менен ырдайт эжебиз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: