Гүлнур Сатылганова "Угуп кой"
Жанр:Поп
00:03:17
50,86 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2010


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Р. Бейшеналиваныкы

Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.

Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.

Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.
Кайырма:
  • Currently 3.87/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (68)

10.11.2010. 17:04
 baitik
Gulnur Satylganova, Maria Cary, Witney Histon, Pugacheva..
12.11.2010. 14:19
 andormeda
Керемет ыр....соз жок!
13.11.2010. 00:04
 kaku
СУПЕР!!!Эмне учун башка кыргыз ырчылары Гулнур Сатылгановадай ырдап, клип тарттыра алышпайт....Тажабай тажабай угуп жатам. Ыйлагым эле келет..
13.11.2010. 16:39
 stiv
Эжени сыйлайм ырлары журогуно жетет,сиздин аманчылыгынызды тилейм.Сизге эч кимиси тен келбейт,кыргыз элимдин сыймыгысыз
17.11.2010. 20:42
 Uma
Gulnur eje dayima meni janylyktary menen tan kaltyrat. Yrdyn sonyno jana obonuna kyldattyk mamile kylgany jagat. Owon ychyn bawkalardan bir top dengeel biiik turat. Alga, azamatsyz.
18.11.2010. 16:50
 joza
Бул гана эмес, Гулнур Эжебиздин башка чыгармалары да биринен-бири отуп конулго жага берет. Сонун чыгарма!
23.11.2010. 19:05
 sanajet
Баааардыгынардын комментарийлерине кошулам, НУКУРА КЫРГЫЗ ЖЫЛДЫЗЫ!!!!
24.11.2010. 20:51
 Arapbai
Мен өзүн да, ырларын да сүйөм! Угуп жатып тим эле эс алып калам, жүрөккө жеткиликтүү
25.11.2010. 15:19
 toktokan
Талантынызга таазим!
28.11.2010. 22:29
 surviver
озуно,унуно соз жок эми,бирок кок койнок жарашпайт экен
30.11.2010. 07:28
 semirbedim
Гулнур эже, талантынызга таазим!
01.12.2010. 11:42
 MaRmeLaDka
Комнатада тарткан жеринде капкара фон коп жаккан жок мага.
06.12.2010. 18:44
 rosh
Угуп кой Кара жана кара фон. Цветовая коррекция анча эмес.
09.12.2010. 14:28
 jamka
эже мен учун эн мыкты ырчы. ар дайым колдойм. дагы бир мыкты ыр жаралыптыр.
10.12.2010. 15:47
 happykyz
Gulnur ejenin chygarmalary biri-birine e4 okwoboit. baary ukkuluktuu, jagymduu.
12.12.2010. 05:43
 Demon
en sonun !!! ukmush ir !!!
12.12.2010. 22:50
 kanykei
prosto super...
13.12.2010. 20:31
 Akniet
super
14.12.2010. 01:53
 Tokmok
Superdin superi..........
14.12.2010. 21:40
 Bermet2001
эми Гулнурдун талантында кеп жок! Бирок...адамгерчилик сапаты томондон-томон...только алганды билет эч кимге кайтаргысы келбейт...досторунун биринин да конулуно жагарлык подарка кайтарып бербейт...
16.12.2010. 11:41
 Raxata
Токтогул таншый берсин.Гулнур эже талантынарга терен таазим этем.Силердин чыгармаларынар адамга дем-куч берет
16.12.2010. 11:43
 Raxata
TheBeknazar кечиресинер бирок,озунор ушинтип ырдап чыга аласынарбы?
16.12.2010. 17:57
 jamalenok
мага ар дайым эженин ырлары жакчуу бирок бул ырын уксам эмнегедир бакыра берип башамы оорутту, анан клип да анча эмес кийимдери жарашпаптыр
17.12.2010. 11:03
 bekjangold
Гулнур эже башкаларга окшоп ыр деп эле ырдай бербей, ырдачу ырларын кылдаттык менен тандайт!
17.12.2010. 20:46
 Chatkalbek
Гулнур Сатылганова ар бир ырына профессионалдуу мамиле жасайт. Ушундай таланттар дагы да болсо жарала берсин кыргызда.
17.12.2010. 21:02
 salidat8087
Гулнур эженин талантын баалайм ыры дагы клипи супер,
18.12.2010. 13:46
 NUR-KYZ
Гульнур эженин бут ырлары эн алдыда жана жогоркуу денгелде турат, укканда журоко тиет, эн жакщы ыр!!!
18.12.2010. 18:44
 Arapbai
Гүлнур эженин талантына таазим этем! Эн сонун ыр. Уккандан эч тажабайм.
18.12.2010. 23:46
 gujunpo
эн мыкты ырлардын/клиптердин тизмесине кирет!
20.12.2010. 17:33
 swan
Nukura talant, oz ishin suyup kilat
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: