Гүлнур Сатылганова "Угуп кой"
Жанр:Поп
00:03:17
50,86 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2010


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Р. Бейшеналиваныкы

Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.

Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.

Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.
Кайырма:
  • Currently 3.87/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (68)

08.11.2010. 12:17
 Dashi
Гулнур эженин талантына баш ийип, таазим тылам,унуно соз жок,кызык,ырды кимге арнады экен,ото эле кайгылуу,эргуу менен ырдаган.
08.11.2010. 12:23
 Арина
Клип менен ырдын ашыкчалыгы, же кемчилиги да байкалбайт. Ошол эле учурда Гүлнур эжеге баардык нерсе жарашат деген ой-пикир калыптана баштагандай... Талантына таазим кылам мен дагы!
08.11.2010. 14:01
 talisman
Ушул ыр менен менин Душам ырдап жаткандай сезилет. журокко жеткен ыр. клип да сонун болуптур Гулнур эженин ыр тандоосу аябай жагат.
08.11.2010. 14:30
 Адам
Гүлнур Сатылганова шоу-бизнесте жаңы муундун ичинде кайра жаралып жаткандай. Талантыңа таазим!
08.11.2010. 20:36
 alisam
Ушул ыр жаны чыкканда аябай ооруп калгам. Ар радиого суранып смс жаза берчуумун. Азыр да кайра кайра уккандан тажабайм. Гулнур эже талантынызга таазим!
09.11.2010. 06:46
 eldarbek
Dayima den soolukta bolunuz Gulnur eje. Sizdi dayima siylaybyz jana sizdin yrlarinizdi suyunuu menen ugabyz! Eldar
09.11.2010. 12:02
 MaRmeLaDka
Ыр мага оор туюла берет. Угуп жатып кыйналып кетем ар дайым.
10.11.2010. 13:11
 SIMA
Чыныгы ****ЖЫЛДЫЗ*****
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: