МАКСАТ- БАТКЕН тобу "Сенсиз, жаным"
03:44
3,43 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(17 добуш)
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө,
Сүйүү шооласын мага чачып турган.
Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана,
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө,
Жашайсың чоң күч-кубат берип мага.

Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз,
Жашай берсе деп кылымдарга.
Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм,
Арнаймын мен бир сага.

Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Жүрөгүм кумарланат сага тартып.
Көргөнчө шашыламын көз алдыма,
Элестеп жүзүң аппак, татына.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып,
Айтарлык ыраазымын мен бактыма.

Кайырма:

Комментарийлер (49)

25.01.2011. 17:41
 MaRmeLaDka
Оо, учурунда ушул ыр менен ооруп жүрдүм эле. Азырга чейин сөздөрүн жатка билет экем. Кызык, азыр алар кайда болушту экен?
25.01.2011. 20:32
 salidat8087
Журоктун тубуно жет кире ырдашкан жана дагы эсте каларлык хит ыр. Ырас жуктоп койупсунар рахмат...
25.01.2011. 23:56
 lira
Atyna Batkendi koshup koygony jakshy eken...Bashka oblasttagylar ukpay ele koysyn degeni go...Meyli.
07.02.2012 09:19
Bolo
lira, Бул группанын аталышы өзү ушундай болчу Максат-Баткен. Аткени ошол убакта Максат Сулайманкуловдун Максат деген башка группасы бар болчу.
03.07.2012 02:52
J_n_a
мен кээ бир адамдарды тушунбодум,неге жердигин карап боло берет.озу алакандай эл болсок.
28.01.2011. 01:21
 senior
Аябай соонун ыр!
28.01.2011. 23:28
 Seidali
Аябай сонун ыр экен жакты
29.01.2011. 00:18
 aminali
Sooooonun en soonun.
01.02.2011. 20:31
 joseph brain
булар азыр Баткенде.булар азырынча жон эле журушот
04.02.2011. 14:24
 lider-kg
максат баткен
максат бишкек эки группа бар болчу
10.02.2011. 15:34
 kyyal74
жашыбыздагы суйуктуу ырларым эле дагы да болсо жагат
10.02.2011. 20:48
 akiykat
ыр эмес бекен..
биздин балалыктын ырлары...
11.02.2011. 22:33
 makulia
тимммеле укмуш ыр чынында. Бул топтун дагы сонун ырлары бар эле, ошолорду да жуктоп койсонор сонун болмок!
17.02.2011. 03:48
 Arstan
Оо жаш кезибиздеги ырлар го,дагы жуктонуздорчу ырларынан сонун ырлар да.
09.03.2011. 03:20
 СССР
ООООО Бул ы р суппппер да.... Рахмат ;)
28.03.2011. 16:54
 SherhaN
Ээх биз армиядан келген мезгилдеги ырлар го ыя "Электроника"да сыздачу эле го аттин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо