Аскат Мусабеков "Аруузатым"
04:01
3,68 Мб
Жүктөлгөн: 18-11-2010
Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.78/5
(37 добуш)
Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбаска кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:
Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса, алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.

Комментарийлер (56)

18.11.2010. 19:49
 Baku
Эх кандай гана создор, кандай гана ун,кандай гана чыгарма,бали ушундай ырларды жарата бериниз Аскат байке талантынызга таазим!
18.11.2010. 19:54
 Arstan
Баракелде жакшы ыр экен уга турган.
19.11.2010. 01:50
 Tokmok
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.........
19.11.2010. 09:30
 Мэри
Соз жок... Жакшы чыгарма болуптур... Умут, суйунуч, арман, отунуч, кайра жаралуу...

19.11.2010. 14:10
 talisman
ушул ырды бир укканда суйуп калгам. эн сонун чыгарма. Элмирбек Иманалиев аябай сонун ырларды жаратат.буга чеийн бир дагы ырда 15 жолу кайталап уккан эмесмин. ушул ырдан башка.
19.11.2010. 14:11
 talisman
Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
деген саптар Элмирбектин биринчи аялы Гулбубу Иманалиева арналса керек.
20.11.2010. 16:48
 sqraziata
жакшы ыр экен, кочурууго уруксат бергилечи)))))0000
21.11.2010. 16:29
 Narynbek
Элмирбек менин курсташым олгондон кийин да жашоо уланатко азаматсын Элмирбек!!!
22.11.2010. 11:53
 Мэри
Сонун чыгарма экен,кайра-кайра угуп жатам...
Озунчо бир чакан поэмадай болуптур...
22.11.2010. 13:41
 azulya
Азаматсын Аскат! Абдан сонун ыр болуптур, журокко жеткен. Аскат, качан сенин концертине барабыз? Жандуу ун менен ырдайт деп коп угам сени, ошол керемет ырларынды качан уга алабыз?
23.11.2010. 00:25
 jozassky
Аскаттын ар бир ырын чыдамсыздык менен күтөм. Чыкканда күндөр бою уга берем.Эх,үнүң сонун да!
23.11.2010. 08:17
 Nurzatka
супер,супер ырдын мааниси автордун журогунон чыккан!!!
23.11.2010. 10:52
 Мэри
azulya,жанылбасам, Аскат декабрда жеке концертин берет болуш керек.Датасы эсимде жок болуп жатат...
23.11.2010. 13:13
 azulya
Мэри чон рахмат! Суйуктуу Супер Инфо бизди мезгилден артка калтырбайт да, Аскаттын концертинин датасын айтып коюшат да :)
24.11.2010. 09:44
 Асылжан
Көптөн бери жүрөккө жете турган ыр уга элек элем.Сүйүү дегенди мына ушундай түшүнүш,билдириш керек.Чыныгы сонун чыгарма!!!
26.11.2010. 00:14
 jozassky
Сыналгыдан бир жолу көрүп калгам, Аскат "Концертим 19 декабрьда болот" деп жаткан болжолдоп.
02.12.2010. 23:58
 Perfekt
Abdan jakshy yr.
06.12.2010. 10:50
 angel
Айбай сонун супр ыр болуптур!!!!!
09.12.2010. 01:10
 Perfekt
Askat konzerttin ijgiliktuu otsun!
09.12.2010. 10:35
 azulya
Аскаттын концертине алдынкы орундан билет алайын деп барсам, филармониянын кассасында жок калыптыр. Арт жактан эле калыптыр :((
31.12.2010. 12:09
 andormeda
Керемет ыр, керемет аткаруу!!!Ырдын мааниси да сонун, Аскат АЗАМАТ!
03.01.2011. 11:01
 Sweet
сонун ыр,аж до слез затронуло
20.01.2011. 15:52
 kyrgyzJigit
жакшы ыр экен, ырдын обону,сөздүн мааниси, аткаруучу төп келишиптир.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо