Гүлнур Сатылганова "Асман"
04:55
11,29 Мб
Жүктөлгөн: 17-03-2011
Жанр: Поп
Сөзү:Кыялбек Урмамбетов
Обону:Райхан Бейшеналиева
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(34 добуш)
Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Комментарийлер (55)

17.03.2011. 14:32
 talantbeck
Maanilu yr bolubtur,mashallah Gulnur ejeke !
17.03.2011. 14:58
 Адам
Асман...

Эсеби жок бийигиңде жылдыздын, эзелтеден мыйзамы бул турмуштун, эли жерин көктөн колдоп турганга, жылдыз болуп учат жаны Кыргыздын!

Асман, асман жыртылбайсың сынбайсың, арбап көздү бир ордуңдан жылбайсың, асман, асман кээде булут жамынып, адамдардын тардыгына ыйлайсың...
17.03.2011. 15:10
 Адам
Мыкты!!!
17.03.2011. 15:50
 kulik
абдан жакшы ыр екен!журогуно жетет турган))) Жанар
18.03.2011. 17:39
 Шаиста Шатманова
Бир укканда эле озгочо жакты. Эл артисти деген наамга татыктуу. Гулнур эжекебиздин унуно ыр, кайрык, мааниси топ келиптир. Озгочо клип тарттырса ырдын аброю дагы которулот!Модератор shasi түзөттү 21.03.2011 08:56
18.03.2011. 22:53
 Demon
Адам мырзага аяябай жаккан корунот ... текстин зерикпей жазып чыккан го ... негизи ыр уккулуктуу эле экен ...
19.03.2011. 09:50
 Prokuror
Бар болунуз кыргыздын Примадоннасы!Ырдын мааниси 5555555555.
19.03.2011. 21:54
 bodrum
ырдын мааниси соооооонун,ушунчалык адамды ойлонтот экен,ырчыларды сынабай аларга таазим этиш керек ,рахмат айтыш керек ушундай ыр угуп жашап жатканыбызга.
20.03.2011. 23:39
 gujunpo
мен коп айтам жана дагы деле айтуудан тажабайм: "Гулнур эженикиндей ун эчкимде жок!! Сиздин эмгегинизге таазим!"
23.03.2011. 02:29
 zarinai
Asman,asman keede bulut jamynyp,Adamdardyn tardygyna yilaisyn.Kandai gana kur4 jasylgan sozdor!Ugup alyp bir syira yilap aldym,maanisi oto sor.Kyrgysymda talanttuular koboio bersin!!!Menin kyrgysym!Kyrgys elim!
24.03.2011. 16:10
 Lada
Мааниси сонун. Гукуш эжебиздин уну карыгансып барат жашындагы унуно салыштырмалуу
27.03.2011. 14:02
 kaku
эмне дээримди да билбейм... угуп жатып муунум титиреп жатты... ушунчалык мааниси кучтуу.. Гулнур эжеке рахмат сизге!Эмне учун башкалар сиздей ырдайшпайт? Сиздин талантынызды мактаганга соз таппай жатам!Кучтуу,сулуу жана таланттуу аял экенсиз..!!!
31.03.2011. 09:22
 асю
сонун ыр!!!просто супер!!!
02.04.2011. 19:46
 asselimm
ушул ыр менен болею, соонун ырларды чыгарасыз Гульнур эже. Мен сиздин ырларынызды коллекциялайм
10.04.2011. 17:39
 Elya86
абдан сонун ыр мага аябаааййй жагат олло жагат
14.04.2011. 09:05
 aymona
Асман, тунуктук жана туболуктуулуктун символдорунун бири. Ырда асман менен кыргыздын байланыштырылып жазылгандыгы ырдын дагыда коркун ачыптыр!
15.04.2011. 15:01
 kansuluu
Негизи Примадонна деген наам Гулнур эжеге берилиши кере болчу,азаматсыз!
15.04.2011. 15:09
 Akyikatchy
Канчалаган ырчылар жер бетиндеги кор-тириликти ырдагандан арылышпайт.Ал эми бул эжемдин бийиктеги асманды ырга айлантып ырдаганы ,денгээлинин бийиктигинен кабар берет.Мейкиндиктин ыргагында алгалай бериниз,азаматсыз Гулнур эже !!!
16.04.2011. 12:33
 Sayori
Гульнур эже сизди коко тенирим колдосун, чыгармачылыгыныз оркундой берсин! Ырыныз абдан терен манилуу жаралыптыр. Азаматсыз Гульнур эже!!!!Сиз менен сыймыктанабыз!!!
19.04.2011. 12:01
 Janayim
Эн мыкты ырларынын катарын дагы бир ирет толуктаптыр бул чыгарма...Ийгиликтер!!!
20.04.2011. 04:24
 azi
Гулнур эжеге баа берем.
23.04.2011. 00:44
 Kiza
Мыкты ыр экен!!!!!!!! ДАнк сизге Гульнур эже!!!!!!!
23.04.2011. 11:24
 Nazylya
Талантынызга таазим сиздин!!! Канча укса да тажабай укчу ыр экен.
02.05.2011. 10:00
 rimaz
Эн сонун ыр.Уксайын укун келет.Гулнур эже азаматсыз!!!
03.05.2011. 08:51
 salidat8087
Гульнур эженин ырларынын баары супер азыркы ырчылар ушундай ырдашса жакшы болмок бирок андай эмес эптеп эле бирдеме.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо