Айнура Салахидинова "Арман"
00:05:09
31,64 Мб
Жүктөлгөн: 20-11-2010


Сөзү:М. Осмоновдуку
Обону:Р. Нарынбаевдики

Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.


Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.

Күн өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Не коштуң бизди, Кудай?

Кайырма:

Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.


Ажырадым ардагымдан,
Өкүнүп кайгырбаймын.
Турмуштун жолу татаал,
Кайра эми жаңылбаймын.

Кайырма:

Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.


Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.

Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды
Өзүң деп соккон жүрөк,
Өзгөгө чаппай калды...
  • Currently 4.61/5
(59 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (153)

19.11.2010. 21:01
 timika
супер клип ыры да аябай жакты!
19.11.2010. 22:12
 lider-kg
ошондо ата ененин созун укпаш керек болуп калабы я
20.11.2010. 03:26
 Tokmok
klipteri biri birine abdan okshosh ele bolup kalyptyr, murunkusun ele kaira korsotup koiso bolmok beker ubara bolboi.......
20.11.2010. 10:36
 japarova
tuura klipteri okwow,antkeni minday okuyalar jawoodo kop keziget! ata enenin sozun albete uguw kerek,birok svoyu sudbu ti doljen rewat sam,esli kone4noje ti uje vzrosliy,a minday ata eneler igoisti4no postupayut,alarga emne alarga tolko aytiw ele da,a bizge ewe al adam menen jawaw kerek...oz bawina oz kunon,bawkanin bawina sen u4un kunoo bolgu4a!
20.11.2010. 16:01
 Baku
Актерлук чеберчилиги мыкты аткарылыптыр жана ыр дагы эн сонун.
20.11.2010. 17:01
 alisam
Tokmok jana japarova клиптери кайда бири бирине окшош. экоо эки башка тагдырды чагылдырып турат. Биринчиси, аялы бар киши алдап кетет да боюнда болуп калат. Ал эми бул клиби атаэненин каршылыгы чыныгы суйуунун берген. Жакшына коруп алып анан суйлосонор. Суйлойт десе эле суйлой бербей. Айнура азаматсын!
20.11.2010. 18:16
 aziku
Клипп менен ыр +5!!!!
21.11.2010. 15:52
 Нукура кыргызка
сонун ыр экен....
21.11.2010. 17:43
 Nurzatka
ушундай ата энелердин ,кыргыздын салт деген балакеттин айынан канча жаштар бактысыз!!!
22.11.2010. 09:33
 Varvara
говорите не похоже еще как похоже тиги арзуу деген клипинин эле прототиби экен баякы эле байкуш аинура тыштап кетти бала.(сен созсуз бактылуу болосун) баякы эле соз даже заметьте ошол эле куртка кожаный в общем нету творческого поиска
22.11.2010. 12:18
 Aelina
Ушул ырчы кыздын ырларынын баары эле кайгылуу ырлар, клиптери да неочень, бала менен атасы суйлошуп жатканда суйлогондору аябай эле жасалма болуп калыптыр.
22.11.2010. 17:40
 Арина
Аягына чыкпадым, уктап калайын дедим! Скучняк!
23.11.2010. 18:25
 sanajet
Тиги атасы менен баласы суйлошкон жер,баягы супердин сулууларын таткан жерде да бар го (кыздар клипте жабык турган эшиктен киришип лестница менен которулуп кетишет) э же мен окшоштуруп алдынбы?
24.11.2010. 01:50
 оштук
Ырдын созу Жыпар Исабаеваныкы эмес беле?Обону жагымдуу.Клип жонундо эч нерсе айта албайм(катардагы эле корунуш)
24.11.2010. 02:51
 cosmopolit
озунчо ле кино кылып жиберишкен го... никакого оригинала...
24.11.2010. 08:49
 lider-kg
Ата энене бир кызды тааныштырсан ушул кызга уйлоном деп Апан давай давай десе ойлонуп каласында эмне болуп калды деп
жок уйлонбойсун деп койсо бир паста романтик жаралып кетет (тамаша)
25.11.2010. 13:10
 andormeda
Ыры аябагандай жагат мага...клипте Айнура жакшынакай болуп калыптыр :)
26.11.2010. 20:01
 kulberdi
Мага жакты,жакшы ырдаптыр.
28.11.2010. 21:20
 TROYA
menin turmushumdu klip kylyp koyushuptur.
28.11.2010. 21:23
 Agusha
берилип ырдайтго ушул кыз бирок кичине обоону жогураак да бирок клип ырдын мазмууну жакшы экен
30.11.2010. 04:28
 shishka
kaigyluu yrlar ainuraga jarashat.al emi agusha oboonu joguraak degendi kandai tushunso bolot?
03.12.2010. 00:49
 zarinai
jakty yrdyn maanisi kakwy eken!
05.12.2010. 16:08
 carcanat
klip jaman yrda kep jok...
06.12.2010. 06:48
 elzat aidaralieva
жакшы ыр экен...журокту оорутат го
06.12.2010. 14:57
 azaika
М.Осмонов озу жакшы ырдаган, бул кыз ырды бузуп салган...
Кимде автордун аткаруусунда болгон варианты болсо болушо кетуунорду суранам.
06.12.2010. 15:02
 Nazulya
Берилип ырдаптыр! Эмне кылсам меники дагы ушул клипке окшоп жатат. Балдар суйгонунор учун баардыгын кылгылачы суранам!
08.12.2010. 20:34
 NUR-KYZ
Кайгылуу жана муунду ыр экен, угуп алып ыйлагын келет экен, мага клип жакты!!!
09.12.2010. 16:10
 Sweet
Эн сонун ыр,мага жакты.
10.12.2010. 15:09
 eldar771
Майрамбек туфта ыры учун жон эле өпкөсүн каккылай бербесинчи... Айнура Салахаддинова башка репертуар менен чыгып корсун. Жаман ыр жакшы ырчыны жерге тушуруп койот!
10.12.2010. 17:10
 balykchydan
Аябай кайгылуу сонун ыр экен! Клиби да жакшы экен!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: