Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кенже Дүйшеева, ЖЕБЕ тобу "Кечинде келемин сага"
03:57
3,62 Мб
Жүктөлгөн: 29-04-2011
Сөзү:К.Курбантаевдики
Обону:К.Курбантаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(40 добуш)
Кечинде келемин сага,
Жылдыздарды аралап.
Сен үчүн гүлдөрдөн эмес,
Жылдыздардан букет жасап.
Жанып турган жалгыз айга,
Жалынамын адатымча.
Көрбөй калып сумсайбайын,
Сен жылмайганда, сен жылмайганда...

Кайырма:

Билесиңби сенин көзүңдө,
Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө.
Бир кадам да алыс бастырбай,
Тартат өзүнө, тартат өзүнө.


Кечинде келемин сага,
Кумарланып махабатка.
Себелеген жазгы жамгыр,
Жашынабыз ак кайыңга.
Тартып алдым кучагыма,
Аяп сени ак жамгырдан.
Аруу сезим арабызды,
Жакындатканда, жакындатканда...

Кайырма:

Комментарийлер (51)

30.04.2011. 15:40
 Kiza
Сооооооооооооооонун болуптур, балдардын уну аябай жакшы экен.
30.04.2011. 15:42
 kuttum seni
Мага жакты, балдардын уну да жакшы экен. Айрыкча биринчи сапты ырдаган мырзанын уну..Ийгилик каалайм, ЖЕБЕ деген балдардан турган топпу?
30.04.2011. 16:24
 ArTeZ
Абдан жакшы,мага,апама,кыскасы уйбулобуздун баарына жакты,ЖЕБЕ онорунор оркундой берсин!!!
30.04.2011. 17:49
 Eliza
сонун ыр соз жок
30.04.2011. 18:11
 Akyikatchy
Аракетинерге Аллахым куч-кубатын ыроолосун! Оз кучунорго таянып онуго бергиле.
30.04.2011. 18:33
 Gulzada2211
Аябай жакты.+5
01.05.2011. 23:07
 gujunpo
ундору жакшы экен балдардын. А Кенже болсо дагы деле "Р" тамгасына басым жасап ырдайт экен. Кыз Бурактан калган адаты го! Жигиттерге ийгилик!!!
02.05.2011. 15:36
 Aiko
Качан клип тартасыздар? Ыр жакшы экен.
03.05.2011. 16:06
 merka
классно. ыр аябай жакты.
03.05.2011. 16:45
 Kylym
Ыр мага аябай жакты аа балдардын унун суйуп калдым.
03.05.2011. 21:02
 MUSYA
ыр жакшы,нормально ырдашыптыр..Бирок кыз бурактын мурунку ырдаганын жакшыраак
03.05.2011. 23:03
 MIRDJAMELL
Эн сонун ырдалган ыр...
04.05.2011. 02:07
 TJenish
Кэнже эжекейибиз озу аябай жеткиликтуу ырдайт ыр мага аябай жагат!!! Ал эми ЖЕБЕге ийгилик уккулуктуу ундор экен!!!
04.05.2011. 15:30
 Pepe
Мен такыр уга албай койдум:-(
06.05.2011. 21:00
 asboi
МООЛЛООДЕЦ!!! Кенже_Жебе - ушунунардан жазбагыла, главное мелодичный, уккулукту ырлардан таап ырдасанар эле все будет ОK.
12.05.2011. 19:54
 Blondie
kenje ejenin unu sonun da!!!!!!!!!!
13.05.2011. 02:16
 kuttum seni
коптогон дагы улуттук ырларды ырдап чыксанар сонун болот..Азаматсынар! Клип тартсанар да жакшы болмок
13.05.2011. 20:50
 sunshine
super
17.05.2011. 23:02
 ERMANI
ukmush yr eken
21.07.2011. 10:07
 nazikcan
Абдан жакшы болуптур. Ийгилик сага Кенже. Сен кыйын кызсын, мен сени колдойм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо