Сапар Эркебаев, Айжамал Кабылова "Күттүм сени"
Жанр:Поп
00:03:14
58,16 Мб
Жүктөлгөн: 21-10-2011


Сөзү:М.Жангазиевдики
Обону:Б. Токтобаевдики

Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча.
Үкү келип,
Уясына уйкусурап жатканча.

Кайырма:
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?

Күттүм сени,
Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй басканча.
Күттүм сени, күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.

Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча.
Үкү келип,
Уясына уйкусурап жатканча.

Кайырма:
  • Currently 4.58/5
(84 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (99)

25.10.2011. 13:09
 bahabala
Мени кубандырганы - ырчылардын биримдикте дуэт ырдаганы.
26.10.2011. 03:05
 samdax
мага аябай жакты айрыкча жигиттин уну сонун экен
26.10.2011. 10:04
 Damira
ийгилик силерге! мага абдан жакты, кайра-кайра угуудан тажаган жокмун, браво
26.10.2011. 15:12
 ymyta
Ырдын тексин туура жазып койгулачы....А так Айжамал как всега супер!!
26.10.2011 15:16
MiranA
ymyta, ырдын текстинин кайсы жагында ката бар экен?
27.10.2011. 13:50
 Asecha
Мага Айжамалдын ырдаганы жаккан жок, Сапар Эркебаев мыкты ырдаган!
28.10.2011. 05:05
 altyshak
Эң сонун ырдашыптыр. Супер!!!
28.10.2011. 08:33
 eldos_kg
бул ырды кайра кайра еле укум келе берет а клибине соз жок супер
28.10.2011. 13:35
 nnn
Экоо тен сонун ырдаган
29.10.2011. 04:02
 АйАй
Супер инфо сиздерден сураныч Айжамал Кабылованын "Мени таштаба" деген ырын жуктоп коюунуздарчы алдын ала рахмат))))))))
29.10.2011. 14:56
 Sov
Сапар молодец, жарашып калыптыр
01.11.2011. 13:28
 nuria karakol
тлгерки ырлар абдан кулакка жакшы угулат
02.11.2011. 16:06
 Rihanna
Ырга го соз жок!Мааниси да укулуктуу жана аткаруучулар да жакшы ырдашкан. Болгону клипти тартууда жакшы изденишкен эмес. Экоонун жузундо негизинен кутууну таба албадым мага айтсанар абдан зор идея таап бермекмин же болбосо оздору аткарбай чыныгы адамдын зарлап какшап кутконун корсотушсо болмок мен мындай клип кутпогон элем!!!!!!!!!
04.11.2011. 11:18
 dina
Кузундо жалбырактарды ушинтип жиреп башканга не жетсин. Соонун клип болуптур. Ишинерге ийгилик!
04.11.2011. 14:16
 prorok
абдан сонун! андан дагы Москва Ситинин жанынан тартылганы сонун болуп калыптыр, Ийгилик !!!
04.11.2011. 20:46
 5691_j
ммм жакшы чыгыптыр молодец алга.....
04.11.2011. 21:22
 lapyska
азаматтар!мыкты ыр,мыкты клип болгон.Сапардын ырдаганы жакшырыптыр.Айжамалда соз жок.Силерге ийгилик!
06.11.2011. 09:22
 zakon
бул ырды кайра кайра уккум эле келе берет азаматтар экотен жакшы ырдашкан
11.11.2011. 23:40
 mamaeva
Мага аябай жакты!Азаматсынар!
12.11.2011. 14:16
 Zamira
Сапар Эркебаев өзү жалгыз эле ырдаганда мындан да жакшы болмок беле...
12.11.2011. 14:17
 Zamira
деп ойлоп койдум.
12.11.2011. 21:34
 bopos
cооонун эле болуптур.биз балам экообуз улам кайталап кордук.менин 3 жашка толо элек балама жакты анан билбей жакпай калды дегендерге тан калдым.Сапар да Айжамал да эн жакшы ырдашкан,дагы да чогу иштешсе жакшы болмок.ийгилик ийгилик жана да ийгилик!
13.11.2011. 00:53
 aidka-1310
Клип сонун тартылыптыр! а Айжамал эженин ырдаганына соз жок! как всегда супер!!!!
15.11.2011. 23:43
 Aimel
Klipke bashka kaarmandardy tartsa super bolmok eken.
16.11.2011. 01:08
 ladynur
Yrdy ayabay jetkire yrdashyptyr.Azamattar,silerge chon iygilikterdi kaalaim.
20.11.2011. 09:36
 lifeview
Жакшы сапаттуу тартылыптыр. Бирок, ыр менен клиптин байланышы азыраак болуп калыптыр. Анан дагы байкасаңар бир ката бар экен. Клиптин форматы 16:9 (широкоформат) болуп турат, бирок анын ичинде кайра 16:9 камтылып калган (астынан жана үстүнөн кара полоска).
30.11.2011. 00:37
 Bemus
very well
01.12.2011. 14:29
 2tj
Баардыгы ойдогудай, сонун!
Эски ырларды унутта калтырбай татыктуу ырдап чыкканынарга рахмат! Сапар, Айжамал силерге таазим.
13.12.2011. 16:57
 talha
Аялын Сапарга куттуруп койгон,Айжамалдын куйоосуно жол болсун.Эри бар аялдын минтип ырдаганы жакшы эмес.Бул жон эле ыр го деп айтаарсынар,бирок шариат жагынан караганда,даже тамашалашканга да болбойт.Ал эми клиптин мааниси действительно Сапар менен Айжамалдын бири-бирин кутуусу жонундо тартылган.Шоу бизнестеги скандалдардын баары ушундай конул коштуктан башталып журбойбу.Мен кийинки клиптерге тартылууда ушул маселени ырчыларга эскертип гана коеюн дедим.Айрыкча турмушу бар ырчыларга.....
16.01.2012 17:48
Nestales
talha, шариатты ушунчалык кыйын билсен, сен вообще ыр деген нерсени такыр укпашын керек болчу анда. Клипте чогуу тартылган бир жери жок болсо, тартылган убакыттары, жерлери таптакыр болок болсо, ырдап койсоле сага окшогондор сындап койсо э? Сындасан да ырды, клипти сындасан, туура-туура эмес деп отурбай!
21.12.2011. 19:39
 Kyrgyz-Sher
супер соз жок
04.01.2012. 21:08
 nasyr
Супер!!! Айжамал ачылып алыптыр гоююююююю


1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: