Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Эмил Балтагулов "16-жыл"
Жанр:Фольклор
00:04:04
61,76 Мб
Жүктөлгөн: 28-07-2009


Сөзү:Эмил Балтагуловдуку
Обону:Эмил Балтагуловдуку

Ойдо жок жерден оргуштап чыкты,
Ойлобой элим муң-зарды укту.
Он алтынчы жылдагы үркүн,
Оодарып элди кайгыга жыкты.
Арга жок элим Кытайга качты,
Асыраш үчүн алтындай башты.
Жамгырдай жааган көзүнүн жашын,
Аргасыз элим кум-чөлгө чачты.

Кеткени кетти, Кытайга жетти,
Кете албай калган кээ бирөө кантти?
Кейиштүү күндөн түңүлүп акыр,
Коштошуп бирөө о дүйнө кетти.
Жолдо нечен жан сууга агып өлдү,
Жоголгондорго ким көңүл бөлдү?
Жегенге нан жок же талканы жок,
Жокчулуктан канча жан өлдү.

Санааны кечип канча таң атты,
Сапарда жүрүп канча күн батты.
Кыргызым, мынча кыйналып кеттиң,
Суу таппай кээде таңдайың катты.
Азапты кечип нечен таң атты,
Арманга толо нечен күн батты.
Баласын алып калктан ажырап,
Кансырап эне талаада жатты.

Жанында бала чыркырап ыйлайт,
Сулк жаткан эне эч нерсе туйбайт.
Жөрмөлөп келип он айлык бала,
Эмсем деп эне боорун тырмалайт.
Ошентип эне о дүйнө кетти,
Он айлык бала не күнгө жетти.
Оонактап ыйлап, боорун тырмалап,
Энесин ээрчип артынан кетти.

Сексенге чыккан абышка өлдү,
Секелек кыздар муң-зарды көрдү.
Сегизге жашы толо элек бала,
Сегизге толбой кордукту көрдү.
Бешикте жаткан наристе өлдү,
Бешиктен чыкпай кордукту көрдү.
Ыңаалап ыйлап жүрөктү эзип,
Бешикте бала ажалды көрдү.

Кытайга жетпей канча жан өлдү,
Кыямат, азап канча жан көрдү.
Кыргызым, бүгүн ойлонолучу,
Кыйла жыл мурда өткөргөн күндү.
Душмандан канча запкыны тарттык,
Дайынсыз кетип, камалып жаттык.
Ойлонуп эми теңдикке келип,
Оодарып баарын чындыкты таптык.
Ойлонуп эми теңдикке келип,
Оодарып баарын чындыкты таптык.
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

28.07.2009. 12:18
 timoshek
chyndygynda ele emne debegen kundor bolgon emes,
bizdin jarymybyz kitayda jarymybyz Altayda bolup jurobuz....
jakshy yr
RESPECT!!!
28.07.2009. 13:11
 erma
Ex kyrgyzym kandai degen gana korduktu korduktu korduk!( Emil baike azamatsyz chygarmachylyk jolunuzga iygilik !
28.07.2009. 14:34
 mik
Жакшы коздон жаш тегеренип кетти окшойт.
28.07.2009. 14:37
 ХАНЗАДА
да, эмил таланттуу жигит. дайыма мазмундуу ырларды ырдайт. азаматсыз, эмил!
28.07.2009. 15:29
 Galya
super! просто слов нет.
28.07.2009. 15:30
 МАЛЫШ
Тууй ата ыйлатып жиберди,чын эле,эй.
28.07.2009. 15:44
 karyshkyr
1916 jyldagy jana andan kiyinki okuyaldy koz aldyzdan ketelek,oshol abalga salgan orustarga naalat aytish kerek.
jana dagy azyrky kundo orustarga suktanga kyrgyz insandaryna naalat !!!

28.07.2009. 17:38
 elli
Эмил азаматсын! ырларынын баары жагат,мазмунду,элдин журогуно жеткире ырдайт,таалим- тарбиялык жактары бар.Эмил,Чыгармачылыгын оркундой берсин,сендей кыргыздын чыгаан жигиттери кобойсун!
29.07.2009. 15:23
 Саби
Эмил талантын ташкындай берсин.Ото мазмундуу ырларды, дастандарды ырдайсын сендей ыймандуу патриот кыргыздын жигиттери кобое берсин.Угуп атып журогуп ооруп кетти.Жашообузда ылайым эле жокчулук,согуш болбосо экен.
30.07.2009. 01:55
 naki
Эмил байке,эн жакшы демекчимин!!!!Ырыныз бут муунумду галтыратып жиберди!!!
30.07.2009. 16:16
 Roha
Эмил бул мусулманмын деп ырдаган ырчы , Сыйлаш керек мындай ырчыны Азамат Эмил алга!
31.07.2009. 10:37
 лоло пепе
Баласын олтурдубу же...??!!
31.07.2009. 14:05
 KARBON
Сонун, эн мыкты!
Азаматсыздар!
Respect!!!
31.07.2009. 15:36
 millionersha
Azamatsyz Emil Bayke/ Klipti bawkadan tartsa jakwy bolmok, biraz okwowpoy kalyptyr, birok yr SUPER
01.08.2009. 02:37
 kyrs
Эмилдин ырлары баарысы журокко жете турган ырлар. Азаматсын анча мынча журокту эзген ырлар да керек бизге, ыйлап-ыйлап женилдеп да каласын.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: