Нурлан Насип "Сүйүү балы"
03:09
2,9 Мб
Жүктөлгөн: 12-01-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Г.Өмүрбекованыкы
Обону:С.Азимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.28/5
(43 добуш)
Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.

Кайырма:

Сезбеди сагынганым сенин жаның,
Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
Жутпадым сен жыттанган,
Жутпадым сен жыттанган,
Сүйүү балын.

Айта албай убакыттын эрте-кечин,
Сыялап сырлар жазат кагаз бетин.
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
Калтырып махабаттын ыр-кесесин.

Кайырма:

Конбодуң чынарымдын бутагына,
Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.

Кайырма:

Комментарийлер (80)

12.01.2012. 11:23
 LoLoPePe
Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
Жанымдын кыйналганын жаның сезсе. хех...
12.01.2012. 23:29
 Elgis.elgis
Aiabai jakty maga 5 i 15
13.01.2012. 01:01
 kantoro
Super Info, ушул ырдын эски вариантын ким ырдайт?(Бек Бобиев эмес беле?)
Сураныч, жуктоп койсонуздар.

Аябай жакшы ырдаптыр. Жакты. Эскисинен калышпайт.
30.01.2012 02:46
Aziyat
kantoro, ушул ссылкага кирсен,эски варианты Кудайберген Кутуев ырдайт.
http://www.super.kg/media/useraudio/57167/
30.01.2012 02:47
Aziyat
kantoro, Элдикаудиого кирсен бар экен.
13.01.2012. 01:06
 esia12
janulbasam eski variantun Kudaibergen Kutuev urdasa kerek ele
13.01.2012 01:12
kantoro
Саламатсызбы,esia12.

Сизде ушул ырдын эски варианты бар болсо, болушсонуз, аябай кубандырат элениз.
Комментарийлерди жашыруу
13.01.2012 22:39
Tokmok
kantoro, superinfonun izdoo jagyna Kudaibergen Kutuevdi izdesen jurot,videolor arasynda.....
13.01.2012. 01:28
 beam
=)
13.01.2012. 03:13
 diana345
kandai gana keremet dykss dyks tanssueeeeeeeeeeem
13.01.2012. 15:43
 eliza93
ыр жакты соонун ырдаптырсын азамат!!!чыгармачылыгына ийгилик
13.01.2012. 16:58
 zheentaev
Эски вариантты Кудайберген Кутуев ырдайт. Эски вариантка жетпей калыптыр Нурландын ырдашы.
13.01.2012. 17:38
 zema
Кудайберген Кутуевтин ырыго...жакшы чыгыптыр))
13.01.2012. 22:31
 Tokmok
Jutbadym sen jyttangan - degen kyzykdai eken. Jany yr kutobus,eskilerdi budun chan kyla berbei....
14.01.2012. 12:10
 Djanan
Ушул баланын уну жакшы, жакшы ырдайт. Ийгилик!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо