Аскат Мусабеков "Лейли"
05:57
5,46 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2012
Жанр: Фольклор
Сөзү:М.Керимбаевдики
Обону:К.Болоткановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.51/5
(43 добуш)
Арнаймын сага ырымды, Лейли,
Айтайын болгон сырымды, Лейли.
Арналган алтын белегим ушул,
Ардактап туткун мунумду, Лейли.

Жоодурап анча кадала, Лейли,
Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө,
Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли.

Тал чыбыктай буралган, Лейли,
Тараз бир боюң кыналган, Лейли.
Теңдеши жок сулууга сендей,
Тең кылабы бул жалган, Лейли?

Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли,
Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли.
Кайгыңды тартып камоодо жүрөм,
Мунумду качан туясың, Лейли?

Улуу бир тоого чыгалы, Лейли,
Улардын үнүн угалы, Лейли.
Уларча сайрайт чын ашык деген,
Ушуну даана туялы, Лейли.

Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли,
Алмалуу бактан жолуксак, Лейли.
Алкымыңан кангыча жыттап,
Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли.

Ак кептер болуп консоңчу, Лейли,
Ак шумкарың болсомчу, Лейли.
Ак ала зоого алпарып анан,
Алкымыңан сорсомчу, Лейли.

Көк кептер болуп консоңчу, Лейли,
Көк шумкарың болсомчу, Лейли.
Көк ала зоого көтөрүп барып,
Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли.

Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли,
Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли.
Эриш-аркак өтсөкчү бирге,
Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли.

Желкайып менен Байыштай, Лейли,
Жабыгып ордо кайышпай, Лейли.
Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге,
Курманбек менен Каныштай, Лейли.

Алдыда аска, үстү таш, Лейли,
Аскада калган Кожожаш, Лейли.
Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн,
Зулайкадай жарлар аз, Лейли.

Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли,
Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли.
Сүйгөнүнө акыры жетип,
Чын ашык болгон арадан, Лейли.

Кулмырза менен Аксаткын, Лейли,
Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли.
Сүйүүдөн жанган шам болуп алар,
Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли.

Олжобай менен Кишимжан, Лейли,
Бири таеже, бири жээн, Лейли.
Кыйылды кырчын курактан алар,
Ойлогон сайын кейитет, Лейли.

Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли,
Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли.
Ашыктан шейит болушкан алар,
Айтылып калды жомоктой, Лейли.

Темиркул акын айтылуу, Лейли,
Телмире жазган Айсулуу, Лейли.
Теңдеши жок өзүнөн башка,
Тең келет ага кай сулуу, Лейли?

Кызылды кийсең, жарашат, Лейли,
Кызыгып элдер карашат, Лейли.
Кадыркеч кылып ала көр, жаным,
Кайран жаш өтүп баратат, Лейли.

Жашылды кийсең, жарашат, Лейли,
Жарданып элдер карашат, Лейли.
Жароокер кылып ала көр, жаным,
Жалын жаш өтүп баратат, Лейли.

Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли.
Кылыгыңды бир жолу сезип,
Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли.

Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли.
Жамалыңды бир жолу жыттап,
Жалганымдан мен өтсөм, Лейли.

Бул дүйнөдөн мейли өтсөм, Лейли...

Комментарийлер (41)

29.01.2012. 14:29
 Fernando
Askat baike jakshy yr 5
30.01.2012. 16:39
 Ади
Азаматсын Аскат. сенден ушундай ырды кутконбуз. суйууну даназалаган мыкты ыр экен. унун да сонун. мыктынын мыктысы, жогоркунун эн жогоркусу деген баа берет элем
30.01.2012. 18:07
 Eliza2012
Соз жок Молодец.
01.02.2012. 17:06
 bahabala
Кубатбек Болотканов байкенин обондорунун баары жакшы. Ынактын Аппак кары да ошол байкеники.
03.02.2012. 12:52
 toktokan
Сонун ыр экен! Аскат чыгармачылыгына ийгилик!
03.02.2012. 19:13
 kutush
сураныч созунун текстин чыгарып койунуздарчы
15.02.2012. 15:24
 Саби
Качан текстин жазасынар.Ото сураныч ыгарып койгулачы.
17.02.2012. 22:34
 dmk-85
Аскат азаматсын дагы дагы ушундай коп коп жакшы ырларды ырдап журо бер!Сага чыгармачылык ийгилик!
20.02.2012. 01:49
 Anarbek
Супер инфо Сураааныч созун текстин жазып койунуздарчы
Алдын ала ыраазыылык билдирем.
23.02.2012. 18:08
 Aibar
Азамат Аскат жакшы ыр экен
05.03.2012. 09:53
 asash04
molodez askat asamatsin
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо