Гүлжигит Сатыбеков "Бакыт издейм"
Жанр:Эстрада
00:05:58
93,76 Мб
Жүктөлгөн: 08-02-2012


Сөзү:Г.Сатибековдуку
Обону:Г.Сатибековдуку

Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.
  • Currently 4.45/5
(38 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

08.02.2012. 20:16
 maisal1919
Алга
08.02.2012. 20:31
 Attokurov
en sonun maga abdan jakty MOLODEC!!!
08.02.2012. 21:17
 tynych
Эн сонун, чыгамачылык ийгилик сага
09.02.2012. 10:21
 Eldiyarbek
Байке ар дайым кайгылуу ырларды ырдайт экен бирок баардык ырлаары уккулуктуу
09.02.2012. 14:38
 nazgul8076
Ооо менин кошуна эжем клиптин коркун ачыптыр да. Театрда менмин деген актрисалардын бири да. Гулжигитке окшогон жаш таланттардын клибинин коркун ачыптыр. Гулжигит онорун оркундой берсин, талантына таазим!!!
09.02.2012. 15:54
 Asiyo
Ыр аябай жакты,кайра-кайра угуп жатам.Сизден жакшы ырларды дагы кутобуз!Азаматсыз!!!
09.02.2012. 16:34
 MaRmeLaDka
Кыздын алгач жанагындай жаман жолдо жүрүп, анан намаз окуп кеткени мага жаккан жок. Анан кыз байкуш эмне эле мынча депрессия болуп күтүп, ыйлап, элди жаман көрүп жатат? Бир күнү бактысы келсе жолугат да.
09.02.2012. 16:47
 escape
en jakwy yr eken maga jakty azamat
09.02.2012. 19:26
 Ashan
Ырларыныздын баарысы маанилуу создору музыкага топ келген жакшы ырларыныз бар, мен ырларыныздын баарын жакшы коруп угам.
Ийгилик каалайм дагы да болсо жаны ырларды кутобуз !
10.02.2012. 10:54
 elaman3
игилик брат сизге кудай тала ардайым колдосун сизди
10.02.2012. 11:20
 jikoma1990
эмнегедир ырларыныздын баары мундуу,жана маанилуу, мага аябай жагат.
10.02.2012. 19:50
 aisyly
жакшы ыр экен ))))
10.02.2012. 23:43
 dosbol
myna yr myna talant myna yr4y, sizge taazim etm!
11.02.2012. 00:42
 flowers
yny jakwy yrchy azamat
11.02.2012. 04:14
 Aelina
Yry jakshy ele eken, klip takyr jakkan jok, bashynda iymany jok kyz kantip ele akyrynda tim ele namaz okugan jakshy kyz bolup kalsyn, kylgylykty kylyp koyup.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: