Алмаз Шаадаев "Тартынам"
Жанр:Поп
00:02:50
43,5 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2012


Сөзү:С.Бектургановдуку
Обону:И.Абдыразаковдуку

Мага жагат сенин сырдуу мүнөзүң,
Жагат мага жан эргитип күлгөнүң.
Келишимдүү ай чырайың унутпай,
Үмүт үзбөй жашап жүрөмүн.

Кайырма:

Тартынам жаныңа бара албай,
Сүйүүмдү сага мен айта албай.
Келсеңчи алтыным жаныма,
Шоола чачкан аппак таңдай.

Тагдырдын жазган белеги белең,
Жалгыз гана бир мен үчүн жаралган.
Элестетем сенин назик жүзүңдү,
Кундуз чачың желге таралган.

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(15 добуш)

Комментарийлер (52)

12.03.2012. 15:51
 GER
отлично)))
12.03.2012. 16:10
 KAKISH
катардагы эле, эч озгочолугу жок клип экен. Кызды жакшылап тандасанар болмок, же жакшы макияж жасатып койсонор. Ыр жакшы экен, клипти да жакшы кылсан соонун болмок...
12.03.2012. 16:46
 Rustamchik
da nuuu ne o4en` eken(((fuuu...
12.03.2012. 16:48
 kabunda
ortoco eken mirbektin seni estep kilibin kacan juktoisuor
12.03.2012. 16:50
 Gourmandise
ыр жакшы бирок, клиптен кызыктуу сюжет коро алган жокмун! ийгилик!!!
12.03.2012. 17:23
 sultik-88
Чындыгында ырлардын баары эле окшош.Ырчылардын дагы баары эле окшош дегендей. Бул дагы аракет кылып жатат. Эми эмне кылсын. Популярный ырчылардан кечирээк чыгып калса.
12.03.2012. 18:34
 merez_jurok
Клип дагы, ыр дагы эптеп-септеп эле го.Жон эле акча чачыша беришеби.Бирок кыз ото суйкумдуу, назик корунот!
12.03.2012. 20:20
 aziz.
орто клип болуптур молодец ийгилик
12.03.2012. 21:30
 LD9R
Колунардан эч нерсе эле келбей жаза бересинерби? Силерге эски вариант менен чайнап берип уйротуп салган озу, клип десе эле кинону тушуносунор! Башка улуттардыкын карап клип корууну уйронбойсунорбу!
12.03.2012. 21:32
 LD9R
Байкасанар бул клипте жаны жашоо, мындайча айтканда интернеттен суйлошуп жаткан эки жаш жана алардын суйуусу, тартынганы корунуп турбайбы! Берки клиптерге караганда фондо тартыш кыйын! Силер суйлогонду эле билесинер чынын айтканда!
12.03.2012. 23:26
 kg.kyz
клип супер, ырда супер, балада супер, кызда супер, баары супер азаматсын!!!АЛМАЗ алга!!
13.03.2012. 00:45
 edua-m
мурду тонуп калыптыр))
13.03.2012. 08:50
 Aelina
Azamat araketine, yr jakshy yr eken birok klip ortocho.
13.03.2012. 11:46
 FIANIT
Алмаз биздин форумдан чыккан ырчы катары билем. Андыктан ийгилик!
Баары алдыда, дагы осот, изденет деп ишенем!!!
13.03.2012. 11:51
 ELIMA91
клипте эч бир тушунук жок. акыркы кезде клиптерге сулуу кыздарды тартышат же эч бир мааниси жок эптемей клип экен жаккан жок!!!!!
13.03.2012. 11:53
 karlygach
iiii))) bala menen kyz bir pomada koldonuwkan okwoit, a kyz bolso balanyn kurtkasynyn jakasyn tagyp alyptyr hi-hi)))
13.03.2012. 15:17
 misha
жакшынакай ыр и клип, бирок алмаз эмне арыктап кеткенсинби билбейм, ырдаганда пешенен тырышып эле болбой калыптыр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: