Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Каныкей "Адаштым"
Жанр:Поп
00:02:55
39,4 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2012


Сөзү:Каныкей Алымбекованыкы
Обону:Каныкей Алымбекованыкы

Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасың сен үмүт менен.
Жашоомдун ар түрдүү кырдаалын,
Мен бүгүн сага айтып берем.

Ичтен сызып, сыртыман күлөмүн,
Эмне себептен өзгөрүлдү өмүрүм?

Кайырма:
Жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Айтчы, эмнеден жаңылдым?
Эмнеден адаштым,
Эмнеден жаңылдым?
Жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Күткөнүмдөй болбой калды,
Эмнеден адаштым,
Эмнеден жаңылдым?

Өз тагдырымды табамын деп тай кылдым,
Кечир жердешим, мен үлгүлүү боло албадым.
Бирок, мага күндүн нуру жетпей кетет,
Ата-журтум, жылуулугуң эңсеп келем.

Кайырма:
Жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Айтчы, эмнеден жаңылдым?
Эмнеден адаштым,
Эмнеден жаңылдым?

Кара түндө жарык издейм адашсам да...


  • Currently 4.48/5
(99 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (177)

03.06.2012. 15:09
 Persik
алыскы жерде жашасам дагы иштен келгенде созсуз бир угуп алмайын жаным жай албайт.каныкей сага ийгилик карындаш.
10.06.2012. 14:48
 baby2020
сонуун ыр ээхххххх жашоооооо.....
11.06.2012. 02:03
 mir.kg87
эхх жашоо чын эле сандыкпы
11.06.2012. 19:39
 Akyikatchy
Менимче,азыр адамдардын жан дуйносуно жакын создордон куралган ырлар-коодонун жарып кокурогундогу энсоосуно кынапталып эсинде узак убакыттарга сакталып чыгарманы бийик тутуп копко угат.Ички дуйносунун даарысын,табылгасын тапкансыйт...Мына бул ырдан мен,"кара тундо жарык издейм адашсамда ..."- деген создоруно маани бердим.Созсуз издениш керек! Омурдун жарымы карангы тун,жарымы жаркыраган жарык кун экенин эстен чыгарбай.Азаматсын Каныкей ! Чыгармачылык ийгилик сага !
25.06.2012. 17:29
 Muratti3003
каникей мага тиесинби? айылда жайлоого чыгабыз мал багабыз жаакшы турмуш курган болот злек
28.06.2012. 20:04
 zolotka
кудум эле менин абалымды ырдап койгондой((((
06.07.2012. 17:05
 dina
Жогорку деңгээлдеги клиптердин катарын толуктаган клип болуптур. Кинодон ырга шайкеш келген жерлери тандалган. Актриса (Марал болуш керек) кызда дагы ачыла элек таланттар бар экенине ынанып отурам. Каныкей сен суперсин!
07.07.2012. 14:18
 ulutbek
(фильм)Кыздын бакытты акчадан издеген,батыштын бузуку маданыятына умтулган,женил жашоону издеген карангы,ан сезими томон кыз жонундо экен.Каныкей бул жерде башкы каармандагы кыз адашкан жок.
10.07.2012. 20:12
 Talant86
Аябай сонун ыр экен
14.07.2012. 19:23
 anjelei
Каныкей азаматсын. унун сонун аябай. талантын бар.
15.07.2012. 00:26
 Aknaara
Абдан жакшы ыр,уну сонун,Каникей сенин озгочолугно ,талантына баа берем азаматсын.а кино жонундо айтсам мындай женил ойлуулук менен алыска барбарын,копторго сабак болот деп ойлойм.Окунучтуу жащоо чынында мындай окуялар коп болууда.Киного тартылган кыздын эрки кучтуу экен.
20.07.2012. 22:46
 en_umutbekovna
.её голос.манеры.стиль.обожаю.и мокияж тоже хороший.она такая какая есть.эпотажная певица кыргызской эстрады.уникальна.а песни вообще воодушивляют..
22.07.2012. 17:35
 meyman
Сонун,жарайсын укам!!!
23.07.2012. 16:54
 elif
kanikey jakshi irdayt,stili unu ozgocho,birok irlarinin sozu keede baylanishi jok,maanisiz,birinchi kupleti menen ekinchi kupleti maanisi jaginan okshoshboy ketet,mumkun bashkalarina jazdirip irdasan jakshi boloor ee..?Bir ele misal:Өз тагдырымды табамын деп тай кылдым,,'tay kildim' emne demek? Tay dep attin balasin aytat kirgizda,Anan jash bala birinchi kadamin tashtaarda 'tay,tay' deyt,bashka 'tay' degen soz bilbeyt ekem....
26.11.2012 00:14
akbala90
elif, jolumdan taidym degendi tuwundurgon go bul jerde. "Тайуу" degen soz bargo
30.07.2012. 18:13
 novosibrsk.kg
Сонун ыр экен!Каникей сенин ырларын баары жагат чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
01.08.2012. 17:54
 nelli
молодец Каныкей алгааа.
03.08.2012. 12:08
 Ohna
XXI кылымдын чакан, кайталангыз, озгочо таланты! Сыймыктанам сиз менен, улуу урматтуу Каныкей!Элдин журогунон орун алган, жан дуйнону ээргиткен, мукам унунуз, ойго салган, жакшылыкка угуттогон ырларыныз эч убакта тугонбосун! Аллахым жардамчы болсун!
12.08.2012. 22:50
 kanukei
ыр клип сонун аябай жакты молодец каныкей
20.08.2012. 13:10
 Almaz-93
бул озу саунтрек болсо керек "пустой дом" деген киного кинону эч таппай койдум каныкей озунун репертуарында супер
22.08.2012. 10:51
 aijanasan
Абдан жакшы клип жана ыр .Башкаларга караганда он мин эссе ойдорок.
26.08.2012. 02:26
 barchyn85
rahmat,ayabai jakty!
27.08.2012. 19:31
 potriot2011.01
абдан сонун ыр Каныкей молодец
30.08.2012. 21:12
 baha91ms
jakwynakai ele yr eken
07.09.2012. 04:10
 bermetlatipova
Каныкейдиндин баардык ырларын баалайм.Ийгилик!
08.09.2012. 16:07
 kgnazikg
жакшыыы ыр
10.09.2012. 23:30
 jeniw
Актриса кыздан коптогон чон чон иийгиликтерди кутсо болот мага абдан жагат ошол кыздын аты жонун айтып койгулачы
11.09.2012. 01:17
 aigulya-2012
kanykei eje sizge iyigilik! biz kanykei eje ekobuz chogu stanbulga kelgenbiz ayabai jakshy ken boi kotorbogon jonokoi kyrgyzdyn kyz allga
11.09.2012. 12:56
 Playboy
Каныкейдин ырларына тушуно бербем да. Темалары башкача кара чан каргалар ж.б. андан коро кыргызстан жонундо ата эне жонундо жазса болот го. Бул ыры жакпады мааниси да жок
12.09.2012. 16:37
 Bishkek
kanikeidin ushul yr da klip da jakty.klipke tartylgan kyzdyn talanty bar ekeni korynyp turat.alga
12.09.2012. 21:33
 kani69
Азаматсың Каныкей! Таласка дагы качан келесиң?
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: