Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Каныкей "Адаштым"
Жанр:Поп
00:02:55
39,4 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2012


Сөзү:Каныкей Алымбекованыкы
Обону:Каныкей Алымбекованыкы

Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасың сен үмүт менен.
Жашоомдун ар түрдүү кырдаалын,
Мен бүгүн сага айтып берем.

Ичтен сызып, сыртыман күлөмүн,
Эмне себептен өзгөрүлдү өмүрүм?

Кайырма:
Жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Айтчы, эмнеден жаңылдым?
Эмнеден адаштым,
Эмнеден жаңылдым?
Жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Күткөнүмдөй болбой калды,
Эмнеден адаштым,
Эмнеден жаңылдым?

Өз тагдырымды табамын деп тай кылдым,
Кечир жердешим, мен үлгүлүү боло албадым.
Бирок, мага күндүн нуру жетпей кетет,
Ата-журтум, жылуулугуң эңсеп келем.

Кайырма:
Жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Айтчы, эмнеден жаңылдым?
Эмнеден адаштым,
Эмнеден жаңылдым?

Кара түндө жарык издейм адашсам да...


  • Currently 4.48/5
(99 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (177)

04.04.2012. 17:10
 bais88
жакшы ыр экен
04.04.2012. 17:23
 andormeda
"Кинону сөзсүз көрүшүм керек экен" деген жыйынтыкка келдим. Алгач ырын укканда жаккан эмес. Кинонун кадрлары менен коштолгон ырды угуп дене-боюм дүркүрөй түштү. Ыры да жагып калды.
04.04.2012. 17:33
 jaina
Ыр, ырга татыктуу клип. Баш каарман кызды чыныгы актриса деп атаса болчудай экен. Мен да кызыктым, сөзсүз көрөм дегендердин катарын толуктайм. Азаматсың Каныкей, Нурбек Эген жана актриса!
25.04.2012 11:13
nasi
jaina, актрисанын аты Марал аябай жакшы аткарган.
04.04.2012. 17:35
 Programmer
Ыры жакты. +5
04.04.2012. 18:09
 takeshaman
Абдан жакты Каныкейдин уну абдан жагат кинону созсуз коруш керек экен.
04.04.2012. 18:22
 gulya_93
молодец Каникей !!!
04.04.2012. 19:24
 cliff
Мааниси толук эмес болуп калган окшойт! бир нерсе жетпегенсийт! Эмне айтаарын толук бере албай калыптыр! Клип тин Рэжисеру жакшы иштеп чыкса болмок...
04.04.2012. 20:50
 akiykat
Клип жонундо эч нерсе деп айткым келбейт. Ал эми ырдын болсо мааниси жок, "набор слов". Бир бутундук жок. Соз маданияты колдонулган эмес.
Каныкейдин стили озгоргонбу, айтор, журокту жылыткан жок кийинип, бренгону. Мурдагы Каныкей гана? Эмнегедир музыкалык колдоодо мурдагыдай эмес, "начар, женил - желпи звуктар" колдонулгандай. Бул менин жеке пикирим.
05.04.2012 13:00
Abiloverlan
akiykat, Сен туура жазып алып анан суйлочу Окей!
05.04.2012 16:32
akiykat
Abiloverlan,
сизге кайсы жазганым жакпай жатат? же эмнени туура эмес жазыптырмын? жообун кутом
06.04.2012 20:27
tolkunbek
akiykat, мага каныкейдин жаны стили да жакты ага баары жарашат алга Кануля сен суперсин ырларын да супер!!!
06.04.2012 21:15
tolkunbek
akiykat, мага каныкейдин жаны стили да жакты ага баары жарашат алга Кануля сен суперсин ырларын да супер!!!
04.04.2012. 22:28
 Aelina
kop dele jakkan jok.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: