КЕҢЕШ тобу "Ханышам"
Жанр:Эстрада
00:07:28
99,94 Мб
Жүктөлгөн: 12-04-2012


Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:М.Мамбетовдуку

Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.

Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.

Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.

Кайырма:
  • Currently 4.16/5
(51 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (98)

16.04.2012. 10:10
 gulnazik
мага жакты алга кенеш тобу
16.04.2012. 12:45
 meka_90
Азаматтар десе.Конулунду которуп, бийлегинди келтирет го чиркин.Эн сонун. Женемдин койногу жакты. Музуке молодецццц!!!
16.04.2012. 18:57
 maraKG
mmmmmmm azamatsyz kino tartsanyz dele bolchudai eken/ birok tehnikalyk katalar biraz bar eken.
17.04.2012. 12:50
 amatov-1994
потап менен настяго
17.04.2012. 13:24
 ded
Азаматсынар ийгилик силерге.
17.04.2012. 13:38
 tmn
Азамат!!! Соонун чыгыптыр клип!
17.04.2012. 17:59
 aikoledi
кош бойлуу кезде айалдар абдан сулуу болуп калаткен да
17.04.2012. 19:16
 alinka_
мага да жакты.коруп кулдум.ырдап жаткан хан реп айткандай болуп калыптыр,ийгилик кенеш тобуна
18.04.2012. 02:39
 toktonazarova
жакшы экен го
18.04.2012. 11:43
 Барби
сонуун жомок го.
18.04.2012. 15:21
 bemajan
ырлары жыкшы
19.04.2012. 10:18
 Rimanto
ну такой ниче клип )))))))))))))))))
19.04.2012. 12:37
 Atashkg
клип ыры жакшы экен бирок кызды уурдаган сон жок дегенде оозун танып колдорун байлап койсо болмок кичине уурдалган кыздай кылып. Жана жаны стил киргизиптир ырдоо ритиминде жакшы чыгыптыр
19.04.2012. 13:57
 agent007kg
жакшы клип болуптур!
19.04.2012. 21:11
 kewakg
сонун килип болуптур айрыкча аттары сонун
20.04.2012. 03:08
 tavsan
prikolnyi klip polu4ilsya
21.04.2012. 13:56
 BarsbekKG
aiyabai kyzyk eken jomok bolsodaa
22.04.2012. 00:24
 tls_girl
nudaaa..cheza fignya.klip bolboi ele kino bolup kalyptyrgo.
23.04.2012. 15:07
 Asecha
Акыркы кундору ушул топтун ырлары журокко жакын болуп баратат эмнегедир, озум да тушунбой жатам. Дегеле мындай ырларды укчу эмес элем.
24.04.2012. 08:35
 Eshka
Ырынар абдан жакшы экен, бирок клиптин орто жери жомок болуп кеткени жакпай калды. Орто десек клипке жарашар, ал эми ыры эн жакшы. Ишинерге ийгилик, туболуктуу жубайлардан болгула.
25.04.2012. 20:17
 toktorbai
Азаматтар!!!
25.04.2012. 21:39
 ashirbekov
вот это пара да самый лучший
26.04.2012. 17:07
 zharkosha
Фантазиясы кучтуу, ар дайым изденип эн сонун клиптерди тарткан "Кенеш" тобу. Клипти коруп, жомок коргондой болдум. Силерге чон рахмат, ишинерге ийгилик.
26.04.2012. 18:10
 MEDYA_87
molodsy!klassnyi klip uda4i vam!
27.04.2012. 12:27
 kirpik
кыз тоого чыкканына суйунуп эле торун жамынып жыргайт го баарибир мени сактайт деп а ырчынын калпагы кыйшайып калыптыр кичине а ырчы айым супер
27.04.2012. 12:29
 kirpik
озу жыланга болонуп алып бийлеп атып зорго ханды чапса машинасы уйу бар деп анан ункурдон эле темирди жалпайтып чыга калып бекер алып кетти да чота кыз не давоольно хахахах
28.04.2012. 16:06
 
chatak chatak sonun goo kkkkkk
29.04.2012. 14:20
 qvattro87
эн сонун...Кенеш алга!!
29.04.2012. 16:02
 akter
хаахахахаххаа позитивный жакшы клип болуптур!!!мага жакты=))
29.04.2012. 22:19
 erkekjojopepe
Derskiy Padishago........Repr dep koyobu ele.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: