КЕҢЕШ тобу "Ханышам"
Жанр:Эстрада
00:07:28
99,94 Мб
Жүктөлгөн: 12-04-2012


Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:М.Мамбетовдуку

Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.

Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.

Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.

Кайырма:
  • Currently 4.16/5
(51 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (98)

12.04.2012. 20:57
 djkaro
кенеш тобу дайыма алдынкы саппатгы клиптерды тартат... ийгилик силерге
12.04.2012. 21:02
 HONDA
клип кылып убара болбой кино эле кылып койбопсунар,ошончо убара болуп таркандан кийин
12.04.2012. 22:41
 aika0906
эже ар даймкыдай кайырмасын ырдап чыгыптыр)))))))))))
13.04.2012. 00:42
 123456789
ОООО наконецто мырза айдаралиев жакшы тарта баштады осуш бар байкеее..........Жаны фотоаппарат кут болсун
13.04.2012. 01:05
 avazov
супер супер
13.04.2012. 01:24
 hitman
Клип супер.ырыда жакшы экен.ишиниздерге албан албан ийгиликтерди каалайм.
13.04.2012. 01:34
 Gulzhan
Озунчо эле жомок го. Гулмира айым эсен-аман коз жарып алыныз.
13.04.2012. 01:34
 Mekula
Супер!!!
13.04.2012. 02:01
 NARYNGRAD
Он двигает как Жет Ли.(((((
13.04.2012. 02:13
 maksimka
mp3 barby aityp koiosuzdarby?
13.04.2012. 08:14
 Aelina
oi ozuncho ele kino go, ayabay ele uzun bolup kaliptir birok ortocho.
13.04.2012. 08:58
 maks100589
"Кенеш" тобунун эмгеги зор экени корунуп турат! ийгилик силерге кыска метраждуу кино болуптур мага жакты!!!
13.04.2012. 11:41
 RossiKG
клипи жакшы экен. ыры да, Ийгилик силерге!
13.04.2012. 12:00
 Altynbek.KG
Ha ha kinogo ...Klip emes ele
13.04.2012. 14:54
 bektursun
жакшы клип тартылыптыр кинодогудай сайгандары нак окшошуптур алга кенеш тобу...
13.04.2012. 18:58
 Nurgazy95
Азаматсынар !
13.04.2012. 20:44
 sweet91
Аябай жакты!Онуго бериниздер ийгилик!
13.04.2012. 22:14
 akil110177
Клип жакшы экен.ыры да ийгилик сага Музур дос!!!!
14.04.2012. 01:44
 Elika
Клип аябай сонун болуптур,ишиниздерге ийгилик!Сиздердин ырларыныздар озу жагымдуу дайыма!!!
14.04.2012. 09:53
 peach
Gulmira eje hanisha bolup kalipsiz,bardigi suluu))jenil koz jarip aliniz..
14.04.2012. 12:54
 jazim
Кенеш тобу, сиздерде чыныгы талант бар, мындан да чон чыгармачылык ийгилик.....
14.04.2012. 14:53
 Luckyman
эмнеге кенеш тобу дайыма эле кайырманы кайталай берет? ыр канча куплет озу? саундтрек болуп калыптыр) жакшы
14.04.2012. 18:21
 jaksinam
Дайымыгыдай эн жогрку дарадада ырдашыптыр,клип тарптышыпты!
15.04.2012. 00:15
 zakuro
Cheza fignya...
15.04.2012. 00:36
 Venita
просто жомок!
15.04.2012. 02:45
 zhamalidin.aika
сонун го!
15.04.2012. 02:49
 zhamalidin.aika
бирок клип анча деле эмес екен....
15.04.2012. 04:07
 Angel19
jakwi tartilgan klip eken ne demekchibiz iygilik
15.04.2012. 07:26
 Ziresh
В номе!
15.04.2012. 18:52
 aziz.
Озунчоле киного
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: