КЕҢЕШ тобу "Ханышам"
Жанр:Эстрада
00:07:28
99,94 Мб
Жүктөлгөн: 12-04-2012


Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:М.Мамбетовдуку

Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.

Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.

Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.

Кайырма:
  • Currently 4.16/5
(51 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (98)

12.04.2012. 15:25
 gulk9
жомок болуптур, сонун Ийгилик сиздерге!!!!
12.04.2012. 17:09
 uulai
Клиптин убактысы 7 мунот,22 секунд. Мен мынча узак клип корбогом.
12.04.2012. 17:15
 Luntik
cонун кино-клип болуптур...өзгөчөлүк бар албетте..ийгилик "Кенеш" тобуна!
12.04.2012. 17:23
 Alisher
ООО суппер килип Алга Кенеш тобу уй булоолук бакыт чыгырмачылык ийгилик Мырза Айдаралиев кыска метраждуу кино болуптур суппппеееер....
12.04.2012. 18:22
 kojo
jakshy klıp boluoptur maga jakty,soz jok en soonun klip eken
12.04.2012. 18:36
 kyrgyz007
Uuuuu kino ele korgondoi boldum men )))
12.04.2012. 20:10
 uvay
жакшы экен ийгилик каалаймын!
12.04.2012. 20:28
 eldos_kg
Klip jakwy tartylyptyr iwinerge iygilik
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: